Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

15:00 “Де-факто” гезитинин редакциясын милиция тинтүүгө алууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Де-факто” гезитинин редакторунун орун басары Жылдыз Мусабекова билдирди. Анын билдиришинче, учурда Ички иштер министрлигинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлерди “Де-факто” гезитинин редакциясын тинтүү жүргүзүп, компьютерлерин алып кетүүгө аракет кылышууда. Бул окуя гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова шаарда жок кезде, коомчулуктун көңүлү атактуу жазуучу Ч.Айтматовду жерге берүү жышанасына бурулуп жаткан маалда болууда. Ички иштер министрлиги оппозициялык маанайдагы бул гезиттин кеңсеси эмне себептен тинтилип жатканы тууралуу маалымат бере элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG