Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:35

”Атабейитте” казылган жайда жазуучунун кепинделген сөөгү табыттан чыгарылып, мусулман салтына ылайык жерге берилди. Улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу үчүн “Ата бейитке” маркумдун жакындарынан сырткары, президент Курманбек Бакиев баштаган расмий адамдар, сырттан келген ардактуу коноктор, жазуучунун улуу-кичүү күйөрмандары барышты.

Бүгүн Бишкектеги улуттук филармонияда атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен коштошуу зыйнаты уюштурулуп, ага жазуучунун миңдеген окурмандары, замандаштары, мекендештери жана чет өлкөлүк өкүлдөр катышты. Эртең мененки саат 07:00дө чогула баштаган эл, саат 09:00гө карай филармониянын чыгыш ыптасында тирелип, 35 градус кайнаган ысыкка карабай жазуучуну акыркы сапарга узатып, бир көрүп өтүү үчүн кезекке турушту. Филармониянын чыгыш ыптасындагы эшигинен кирип, батыш ыптасынан чыгып жаткан элдин аягы такыр суубай, миңдеген адамдар имараттын ичине кирип чыгууга үлгүрүшкөн жок. Саат 12:00дөн кийин филармониянын маңдайында жазуучуну жоктоо митинги уюштурулуп, Ч.Айтматовдун сөөгүн сыртка алып чыгышты. Имараттын ичине кирип чыгууга үлгүрбөй калган элдер филармониянын алдына чогулушту. Жоктоо митингинин башында президент Курманбек Бакиев баштаган бир катар адамдар, коомдук ишмерлер, чет элдик коноктор, акын-жазуучулар сөз сүйлөшүп, залкар жазуучунун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу анын үйбүлөсүнө, жакындарына, жалпы элине көңүл айтышты. Жоктоо митинги аяктагандан кийин жазуучунун сөөгүн Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери көтөрүп, Алатоо аянтын көздөй жөнөштү. Алатоо аянтында чогулган эл жазуучуну бир мүнөттөй эскерүүгө турушуп, андан ары Ч.Айтматовдун сөөгүн Атабейит мемориалдык комплексине алып барышты.

Дүйнөгө атагы чыккан кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов 10-июнда катуу оорудан кийин Германиянын Нюрнберг шаарында ооруканада жарык дүйнө менен кош айтышты. Чыңгыз Айтматов 16-майда Татарстандын Казан шаарында өзүнүн “Кылым карытар бир күн” чыгармасы боюнча тартылып жаткан тасмага катышуу учурунда бөйрөгү кармап ооруканага жаткырылган эле. Андан көп өтпөй жазуучу Германиядагы Нюрнберг клиникасына которулган. Бирок кыргыз журту гана эмес дүйнө окурмандары кастарлаган бөтөнчө таланттуу жазуучуну, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерди ажалдан арачалап калуу дарыгерлердин колунан келбей калды.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Кыргызстандын Талас облусундагы Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле таланттуу жазуучу катары дүйнөгө таанылып, мыкты чыгармалары үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамын алган, СССРдин Лениндик жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ал ошондой эле башка эл аралык көп сыйлыктарды алып, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон. Ал мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, Президент Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов көп жылдар бою Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана НАТОдогу элчиси кызматын аркалап келди.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, чет өлкөлөрдө жалпы нускасы 40 миллион нуска менен чыккан. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматов көп жылдардан бери дүйнөнүн эң окумдуу жазуучуларынын бири болчу.

Атактуу жазуучу быйыл 80 жашка чыкмак. Кыргызстанда быйылкы жыл "Айтматов жылы" деп жарыяланып, жыл башынан бери анын мааракесине карата ар кандай иш-чаралар байма-бай өтүп жаткан. (IJz)
XS
SM
MD
LG