Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

16:45 Милиция кызматкерлери “Де-факто” гезитинин компьютерлерин алып кетишти


Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүсү, өзүн Т.Байчаев деп тааныштырган милиция подполковниги “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Де-факто” гезитинин редакциясын тинтүү мыйзамдуу түрдө, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун токтомуна ылайык жүргүзүлгөнүн айтты. Судья Ч.Адамкуловдун колу коюлган токтомдо, “Де-факто” гезити жалган бирөөнүн атынан Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерине жалаа жапкан делип, гезит редакциясын тинтүүгө, тергөөгө керектүү делген материалдарды алууга уруксат берилген. Учурда “Де-факто” гезити компьютерлерисиз калды. Айта кетсек, гезит 12-июндагы санында Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин директору Темирбек Курманбековдун коррупциялык иштери тууралуу макала басып чыгып, салык тармагынын чоң-чоң чиновниктери эң жогорку баскычтагы чиновниктерге канчадан берип турушарын айткан Замира Молдоева аттуу адамдын кайрылуусун жарыялашкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG