Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

17:55 Оштук жаштар Ч.Айтматовду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катыштырылган жок


Оштогу “Прогресс” жаштар уюмунун төрагасынын орун басары Эрнис Толтоев аймактагы бардык окуу жайларында, 14-июнда орошон калемгер Чыңгыз Айтматовду терең эскеришкендигин “Азаттыкка” маалымдап, ошол эле учурда Бишкекке жөнөтүлгөн Ош облусунун жана шаарынын делегациясынын курамына жаштардын бир да өкүлү киргизилбей, анын айынан жазуучуну акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө курдаштары катышпай калышкандыгын өкүнүү менен белгиледи. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинен аймактын бардык райондорунда миңдеген адамдар катышкан эскерүү митингдери өтүп, мисалы, Араван районунда чоң көчөнүн атына жана мектепке Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлгөндүгүн билдирип, жаштардын сын-пикирин комментарийлөөдөн баш тартышты. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG