Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

Шерали Нурмурад 10 жылга чукул убактан бери Швейцарияда сүргүндө жашаган түркмөн акыны. Aга Стокгольмгo кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан Прагадан телефон чалганда, ооруп жаткан экен. Ошого карабастан үнү кысылып турса да, күчүн жыйнап, буларды айтып берди.



ШЕРАЛИ НУРМУРАД:- Биз анын "Кызыл жоолук жалжалым", «Биринчи мугалим», "Жамиля" деген чыгармаларын окуп чоңойдук. Анын "Кылымга тете бир күн", "Кыямат" өңдөнгөн чыгармаларын да окудук. "Китептерим 170тен ашык тилге которулду" деп ар ким эле мактана албайт. Айтматовдун өлүмү чынында да дүйнөлүк масштабдагы чоң жоготуу болуп калды. Бул дүйнөлүк даңкы бар адам болгон.

ЖАҢЫЛ ЖУСУБЖАН:- Сиз Айтматовду таанычу белеңиз?

ШН:- Мен Чынгыз Айтматов менен 1988-жылы, казак маданиятынын жана адабиятынын Казакстандагы күндөрүндө таанышкам. Ошондо ар бирибизге кытайдын бир литрлик термосун аманат деп беришкен. Кайра кайтканда, бир учакка түшүп калдык. Мен термоско агынан куюп алгам, отургандарга айландырып рюмка суна баштадым. Ошондо Чынгыз "Баарыңардын термосуңарда чай, кофе болуш керек, ал эми Шерали керектүү нерсени куюп алыптыр. Тың жигит экен, мындай адам менен чалгынга да барса болот" деп айткан эле. Бул албетте кыргыздардын гана жоготуусу эмес. Бүтүндөй бир доор бүттү десек болот. Ушундай чынчыл, принципиалдуу жазуучунун кетиши менен, бир доордун эшиги жабылды.

ЖЖ: - Чынгыз Айтматов Борбор Азиядагы көптөгөн жазуучулардын ичинен суурулуп чыгып, дүйнөлүк атак-даңкка ээ болду. Пенделик деген бар эмеспи, ага ичи тарыгандар болду беле?

ШН:- Ага эки ача мамиледе болушкан. Ал эне тилинде эмес, бөлөк тилде жазат деп айтышчу. Менимче, башкысы ал өз романдарында республикадагы, көркөм өнөр менен адабияттагы абалды чагылдырган. Мунун өзү эле чоң мааниге ээ да.

ЖЖ:- Силер Айтматовдун өлүмү менен бүтүндөй бир доордун көшөгөсү тартылганын айттыңар. Борбор Азияда азыр көп өзгөрүүлөр болуп атат, оңунан кеткен да, тескери кеткен да. Аймактагы адабияттын келечеги тууралуу эмне дей аласыз?

ШН:- Мен түркмөн адабияты тууралуу айта алам. Өзбек адабиятында аз да болсо дем алууга мейкиндик бар. Түркмөнстанда болсо, мурдагы диктатордун мезгилиндегидей эле, жазуучуларды куугунтуктоо уланып жатат. Бийликтерге тирүү жазуучунун кереги жок.Аларды түрмөгө салышат. Же өлүп калыш керек, ошондо эстеп, "кандай гана жазуучуну жоготтук" деп шыпшынып калышат. Кыргыз адабиятына мындай коркунуч жок. Борбор Азиядагы салыштырмалуу жагымдуу кырдаал силерде деп айтат элем.
XS
SM
MD
LG