Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Бүгүн Кыргызстан эли замандын залкар жазуучусу, гуманист Чыңгыз Айтматов менен коштошту. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өткөрүлгөн аза күтүү зыйнатында президент баш болгон мамлекеттик кызматкерлер, чет мамлекеттерден келишкен меймандар, миңдеген шаар тургундары катышты.

Митинг-реквиемде Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элине, жалпы адамзатка калтырыган улуу мурастары, эмгектери, өрнөктүү өмүрү эскерилди. Анын сөөгү “Ата бейит” көрүстөнүнө коюулду. Жазуучуну акыркы сапарга узатканы филармонияга барышкан карапайым калктын көпчүлүгү өкмөттүк комиссия менен шаар башчысынын уюштуруу иштерине нааразы болушту.

Кыргыздын чыгаан уулу, замандын залкары Чыңгыз Айтматовдун мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу өткөрүлгөн митинг-реквиемди мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу ачып, жазуучунун өмүр баянына, чыгармачылыгына токтолду.

Митинг-реквиемдин катышуучуларынын алдында алгы сөздү сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев улуу жазуучу, ойчул Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатып жатып, кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болгондугун, кыргызстандыктар эле эмес жер шарындагы миллиондогон адамдардын жүрөгүн козгогон, руханий алпты жоготуу болуп жатканын белгиледи.

- Чыңгыз агабыз өзү бизге жылдыздардын жол салган Саманчы катары сезилет. Анын ар бир чыгармасы, ар бир каарманы бизге жол көрсөткөн жылдыз болуп кала берет. «Атыңды унутпа, атаңды унутпа, энеңди унутпа, элиңди, тилиңди унутпа»,-деп Чыңгыз агабыз ар бирибизге керээз катары айтып кетти.

Президент улуу жазуучуну дүйнөнүн атуулу деп атап, тарыхта түбөлүк жашап калаарын кошумчалады.

Кыргызстандын мурдагы биринчи катчысы Турдакун Усубалиев дагы Чыңгыз Айтматовдун кайталангыс талантына, зор эмгегине токтолду.

Орусиянын маданият министри Александр Авдеев болсо Чыңгыз Айтматовду дүйнөлүк адабият менен маданиятка зор салым кошконун белгилеп, орустун улуу жазуучуларынын катарынан орун аларын айтты.

-Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун бүткүл жасаган эмгектерине кылчайып карап туруп, аны дүйнөлүк цивилизациясынын генийи деп айтсак болот. Биз анын кошкон салымын али толук түшүнө элекпиз.

Ал эми Түркиянын презилентинин администрациясынын мамлекеттик катчысы Мустафа Исендин баамында жалпы түрк цивилизациясынын алпы Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганы жалпы адамзаатты анын ичинде түрк тилдүү элдерди кайгыга салды.

- Түркиянын өкмөтүнүн чечими менен жакын арада Түркиядагы белгилүү окуу жайга Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет.

Мустафа Исен Түркия элинин жана президенти Абдулла Гүлдүн атынан жазуучунун үйбүлөсүнө, кыргыз элине көңүл айтты.

Чыңгыз Айтматовдун казак досу Муктар Шаканов жүрөгү сыздап, улуу сөздүн устатына ыр саптарын арнады.

- Ооба, экинчи Манассың сен,
Манас менен сен каласың.
Өлбөс, өчпөс чокулардын,
Шыңга бийик кырында,
Үлгүсү болуп жатасың.
Энди, Алатоодон дагы зор,
Чыңгыз тоо болуп каласың!


Митинг-реквиемден кийин миңдеген адамдар Чыңгыз Айтматовдун табытын борбордук Алатоо аянтына алып барышып, ал жерден бир минуталык аза күтүү зыйнатын өктөрдү. Гимн ойнолуп, аянттагы мамлекеттик туу төмөн түшүрүлдү. Атайын даярдалган автобустар менен аза күткөндөр «Атабейит» мемориалдык комплексине барышып, жазуучунун сөөгүн атасы Төрөкул Айтмат уулунун жайынын жанына жашырышты. Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы куран түшүрүп, бата кылынды.

Таң эртеңден ар улуттун өкүлдөрү замандын залкары менен коштошкону филармонияга агылып келип атышканда, элдин көптүгүнөн күн чыгыш тараптагы кире бериш жердеги каалгага кептелишип, жаш балдар, кыздар тебелендиде калышты. Тартип бузулду.

Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен шаар башчы Данияр Үсөнов өздөрү кийлигишип, тартип коргоо кызматкерлери менен араң дегенде, толкуган элди тартипке келтирди. Жөөлөшкөн элдин арасынан жүрөгү кысылып, топтон чыга калгандар да болду. Алардын бири Талапбек Сегизаков бул иш чараны уюштурган өкмөттүк комиссияга жана шаар башчысына нааразы болду.

- Башынан ойлонуш керек болуучу. Филармониянын алдына канча киши батат. Канча миң киши келет?-деп ийне жибине чейин такташ керек эле. Бул баш аламандыктын пайда болушуна шаар башчысы Данияр Үсөнов түздөн-түз күнөөлү. Бул анын катачылыгы. Тоголок Молдо көчөсүнөн тостуруп, Чүй проспектиси аркылуу ондон, мейли жыйрымадан кишини чубуртуп өткөрсө мындай жөөлөшүү, бири-бирин тебелешүү болбойт эле. Мына Москвада деле чоң иш чаралар өткөрүлүп жатпайбы. Жок дегенде ошолордун жакшы жактарынан үлгү албайбы,- деди Талапбек Сегизаков.

Көз салып турган «Тез жардамдын» кызматкерлери беш-алты кишиге медициналык жардам көрсөттү.

Ошендип «Саманчынын жолу саргайып», Гүлсараттын дабышы токтоп, Жер эне уулун койнуна алды. Чыңгыз Айтматов өткөн жылы 12-декабрь туулган күнүндө «Азаттыкка» акыркы маегинде төмөндөгүлөргө токтолду эле.

- Жетишелек максаттар толуп атат. Бул адамдын өмүрүндө, турмуштук көз карашында албетте умтулуш эң негизги күч да. Ушул умтулуштун негизинде дагы бир нерсени жазып чыксам. Дагы бир нерсени айтып калсам. Убактым болсо бир жетишип калсам деген үмүттөмүн. Андыктан жаза турган ойлорум бар. Мынабу жаңы жылда мен кызматтарымды жыйнаштырып. Ырахматымды айтып. Анан кийин биротоло денсоолукту, чыгармачылык ишти ойлосмбу деген максаттамын,- деген эле кыргыз элинин бактысына бир келген, карапайым калктын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон - улуу Чыке!
XS
SM
MD
LG