Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Еврошаркеттин өкүлү Иранга сунуштардын жаңы топтомун берди


Еврошаркетте тышкы саясатты тейлеген Хавьер Солана Тегеранда сүйлөшүүлөрдү бүгүн өткөрдү. Ал Иран жетекчилигине дүйнөнүн алты ири державасы: БУУнун коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү менен Германиянын сунуштарынынын жаңы топтомун берди. Андай сунуштар Иранды уран байытуу программасынан баш тартууга ынандыруу максатында жасалып жатат. Сунуштардын жаңы топтомунун чоо-жайы азырынча белгисиз. Аны АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия, Германия май айында макулдашкан эле. Бул аралыкта бүгүн эле Иран өкмөтүнүн басма сөз өкүлү расмий Тегерандын "уран байытуу" сүйлөшүүгө жатпай турган маселе деген мурдагы турумун кайра кайталады.

XS
SM
MD
LG