Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:36

Өтүп бараткан жума Кыргызстан үчүн кайгылуу болду. Бул жумада кыргыз калкы улуу уулу Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатты. Маркумдун сөөгү 14-июнда “Ата Бейитке” коюлду. “Апта жаңырыгы” берүүбүздө улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу жана замандаштарынын эскерүүлөрүно орун берилмекчи.

Чыңгыз Айтматовдун абалы оорлошуп кеткени тууралуу маалымат жума башында чыгып, жума соңунда калкы минтип улуу уулун, залкар жазуучусун жерге жашырып калды.

9-июнь, дүйшөмбү, Германияда дарыланып жаткан залкар жазуучунун саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу алгачкы кабар келди.

10-июнь, шейшемби, улуу жазуучунун кеңешчиси Алимжан Мирзоев, Нюрнберг клиникасынын дарыгерлери Чыңгыз Айтматовдун абалы өтө оорлошуп кеткенин кабарлашты. Ушул эле күнү кечинде улуу жазуучунун үзүлгөнү тууралуу суук кабар Кыргызстанды, дүйнөнү аралап кетти.

11-июнь, шаршемби, Чыңгыз Айтматывдун дүйнөдөн кайтуусуна байланыштуу алгачкылардан болуп көңүл айткан Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин, “Бул баарыбыз үчүн орду толгус жоготуу.Чыңгыз Айтматов биздин эсибизде улуу жазуучу, ойчул, интеллигент жана гуманист катары кала берет” деп билдирди. Кыргыз президенти өз жардыгы менен 14-июнду Кыргызстанда аза күтүү күну деп жарыялады.

12-июнь, бейшемби, президент Курманбек Бакиев улуу жазуучунун дүйнөдөн кайтуусуна байланыштуу калкка кайрылуу менен чыкты. Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Тажикстан президенттери, белгилүү инсандардан көңүл айтуулар түшө баштады. Ушул эле күнү кечинде улуу жазуучунун сөөгү Германиядан атайын учак менен алынып келинди. Сөөктү алып келүүгө биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев баш болгон делегация барды.



13-июнь, жума, улуу жазуучунун Аларча мамлекеттик резиденциясынын чыгыш капталындагы үйүндө тажыя болуп, залкар жазуучунун туугандарына президент баш болгон кыргыз коомчулугу көңүл айтты.

14-июнь ишемби , мээ кайнаткан күндүн ысыктыгына карабастан он миңдеген кыргызстандыктар улуу жазуучусун акыркы сапарга узатууга келди. Миңдеген адамдар Чыңгыз Айтматовдун сөөгүн “Ата Бейитке” коюуга катышып, алп уулун акыркы сапарга узатты...

Ак булут Чыңгыз хандын үстүнөн учуп жүргөндөй Чыңгыз Айтматов алыстан болсо да кыргыз калкын калкалап жүргөн руханиqликтин алпы эле. Калкалап жүргөн алпына карапайым журт айрым учурларда Кыргызстанга келбеди деп ичтен сызылып койгон менен, Чыңгыз Айтматовдун элине сүйүүсү кандай мелмилдеген улуу болсо, элдин ага болгон урмат-сыйы, сүйүүсү да ошончолук экени 14-июнда залкар жазуучуну акыркы сапарга узатууда айкындалгандай болду.

Улуу жазуучу менен коштошуу 13-июнда Аларча мамлекеттик резиденциясындагы үйүндө башталды. Бул күнү улуу жазуучунун үйүнө эл эртелеп, “эсил кайран боорум” деп кыргыз салтына жараша өкүрүп келип жатты.
Антип келгендер арасында кыргыз интеллигенциясынын, жазуучу, окмуштуулардын, карапайым калктын өкүлдөрү болду.
“Сынган кылычтын” автору, кыргыздын дагы бир улуу жазуучуларынын бири Төлөгөн Касымбеков улуу жазуучуну жоктоп өкүрүп келип жаткандарды өзгөчө баалды:

Чыңгыз Төрөкулович жөнүндө көп айтса болот. Ал кишини эскерип атканда кишинин муун-жүүнү бошоп кетет. Себеп дегенде бул кишинин өзүнүн элине,өзүнүн журтуна, атүгүл окуучу балдарга чейин кайрылып кылган жакшылыгы эч качан унутулбайт. Мына кечээ күнү Манастан бери келаткан каада-салт боюнча эл дүңгүрөтүп,үн чыгарып, өкүрүк чыгарып турганы жакшы болоду. Мен ошого ыраазы болуп ыйлап отурам. Себеп дегенде мындай кишиге, мындай окуяга көз жаш кылбай, сый кылбай, жөн эле "омиин оолакбар" деп кете бергенге болбойт.Биздин эл-мына бүгүн көрүп ушунча ыраазы болуп, көзүмө жаш келди, көңүлүмө муң келди. Арты кайырлуу болсун. Мындан ары кыргыз эли ушундай өлүгүн да, тиригин да сыйлап өтсүн.

Чыңгыз Айтматовдун замандаштарынан болгон Орозбек Дүйшеев улуу жазуучу тууралуу мындай эскерди:

Эми Чыңгыз Төрөкулович дүйнөлүк адам. Жалпы кыргыз элинин туусу эле. Эми бул киши кайтып кетти. Бирок кыргыз эли үчүн артында көп нерсени калтырды. Кыргыз эли муну унутпаш керек. Ошонун иштерин элге үгүттөп көрсөтүш керек. Биздин максатыбыз ошондой.

Эчкирип ыйлап келген академик Бүбүйна Орузбаева кайгысын жашыра алган жок:

Бул кишинин дүйнөдөн өткөндүгү элибиздин тоосу кулап калгандай эле болду. Аны мен биринчи айтып жатканым жок. Элдин баарынын жүрөгүнүн тереңинен орун алган, окуса кишинин моокуму канбай турган чыгармаларды жаратып, жаш кезинен өзү эле дүйнөгө таанылбай, кыргыз элин бүтүн дүйнөгө таанылткан агаңар, менин инимден кош айтышып калдык. Бул тагдырдын буйругу экен. Андан эч ким качып кутула албайт экен.

Бул күнү улуу жазуучунун жакындарына көңүл айтуу үчүн анын Аларчадагы үйүнө президент Курманбек Бакиев баш болгон бийлик өкүлдөрү да келди.
Шаар мэри Данияр Үсөнов 14-июнда боло турган коштошуунун тартиби тууралуу маалымат берип жатып, элдин көп келиши күтүлүп жатканын билдирди.
Бирок 14-июнда Токтогул Сатылганов атындагы мамлекекеттик филармонияга Чыңгыз Айтматов менен коштошуу үчүн келгендердин саны эпсиз көп болуп, көпчүлүк калк кире албай кетип жатты. Калгандары болсо филармонияга кире бериш жерде тыгында калышты. Ызы-чууга толгон туртүшүүдө эки адам өзүн жаман сезип, тез жардам да алып кетти.
Ошентип, 14-июнда, Кыргызстан аза күтүп, улуу уулун акыркы сапарга узатууга келди.
Кыргызстан калкына көңүл айтып, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Татарстан, Түркиядан делегациялар келди.

Чынгыз Айтматов менен коштошуу расмиси эрте мененки саат тогузда башталып, 11:00 бүтүшү белгиленген эле. Бирок коштошуу үчүн келип жаткан адамдардын аягы суюлбай, кире албай тургандар абдан көп болгондуктан коштошуу дагы бир саатка узартылды.

Түшкү саат 12:00 карай филармониянын алдына маркумдун сөөгү алып чыгылып, митинг-реквием башталды. Аны Кыргызстан мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулу ачты. Ал улуу жазуучунун өмүрү, чыгармачылыгына токтолуп, кош айтышты:

Кош, Чыңгыз Төрөкулович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Кыргыз эли, кыргыз мамлекети сизди эч качан унутпайт.

Мамлекеттик катчы андан кийин сөздү өлкө президенти Курманбек Бакиевге берди:

-Чыңгыз агабыз жарык дүйнө менен кош айтышып, биз аны кайра кайтпас сапарга узатып жатабыз. Кандай гана кайгылуу, мүшкүлдүү учур болуп жатат. Оор үшкүрүк менен элибиз өзүнүн уулуна аза күтүүдө. Дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан көптөгөн мамлекеттерден келип, кайгыбызды тең бөлүп, аза күтүү зыйнатына катышууда. Чыңгыз агабыздын чыгармалары 170 тилде, 60 миллион нуска менен басылып чыккан анын дүйнө жүзүндө канчалык кадыр-баркка жеткенин даана көрсөтүп турат. Тынчтыктын элчиси болгон агабыздын чыгармалары кылымдарды карытып, миң жылдар бою өчпөс жылдыз, соолбос океандай болуп дүйнөлүк маданиятта кала берет. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Кош бол, улуу инсан. Кош бол, Чыңгыз ага.

Президенттин сөзүнөн кийин чет жактан келген делегация башчылары жана кыргыз аксакалдарына сөз бериле баштады.
Митинг –реквиемге катышкан калк өзгөчө Казакстан эл акыны Мухтар Шахановдун жана Россиянын маданият министри Авдеевдин сөзүнө ыраазы болду.

Россиянын маданият министри Александр Авдеев Чыңгыз Айтматов эбегейсиз масштабдагы инсандыгын белгиледи:

Бүгүн биз 20-кылымдагы дүйнөлүк адабияттын алпын, кыргыз адабиятынын алпын, орус адабиятынын алпын акыркы сапарга узатып жатабыз. Ал өзүнүн чыгармалары, образдары менен 21-кылымды ачып көрсөткөн. Чыңгыз Айтматов жасагандарга бүгүн кайрылып туруп, бул дүйнөлүк цивилизациянын генийи экенине ынанасың. Биз анын жасагандарын толук аңдап көрө элекпиз.

Мына ушундай сөздөрдөн кийин маркумдун сөөгү Алатоо аянтына алып келинип, ал жерде мамлекеттик туу ылдый түшүрүлдү. Миңдеген адамдар минута эскерүү жасап, мамлекеттин гимни ойнолду. Бул учурда өкмөт үйү баш болгон мамлекеттик имараттарда мамлекеттик туу аза күтүп, жер карай желбиреп турду.

Алатоо аянтындагы коштошуудан кийин тажыянын катышуучулары Байтик баатыр көчөсү менен “Ата Бейитке” карай багыт алды.
Ал жерде мусулман ырасмиси менен залкар жазуучунун сөөгу коюулуп, ага президент, өкмөт башчы баш болгон миңдеген адамдар топурак салышты.
Гүлчамбарлар улуу жазуучунун түбөлүк жайын гүл бакчага айланткандай дүпүйүп калды. Бул арада Кыргызстан муфтийи Муратаалы Жуманов кураан түшүрүп, эл бата кылды.

Ошону менен калк улуу жазуучуну, ойчул, философ, кеменгер уулун узак сапарга узатып кайтты.
Эми эл ичинде Чыңгыз Айтматовдун эстелиги, анын ысмын көчө, мекеме, окуу жайларга ыйгаруу тууралуу сөз кыла баштады. Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун сөзүнө караганда, бул маселеге бийлик Чыңгыз Айтматовдун кыркынан кийин кайрылып, тийиштүү чечимдерди кабыл алат. Ал эми улуу жазуучунун 80 жылдык юбилейине арналган иш чаралар болсо өз тартибинде өткөрүлөт. Бирок, өкүнүчтүүсү ага кыргыздын ак булуту, ааламдын алп Айтматову катыша албайт
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG