Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

12:30 Түркиялык кыргыздар: Улуу кыргыз Чыңгыз Айтматовду урпактар унутпайт


Түркия мамлекетинин аймагында жашаган этникалык кыргыздар улуу жазуучунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуусун Кыргызстан элине жана Айтматовдун жакындарына жиберишкен. Алар мекенден алыс болушканы менен кыргызстандыктар менен бирге эле Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына катуу кайгырып турушкандыгын билдиришкен. “Залкар жазуучунун ысымы Манас баатырдын руху катары бардык түрк элдеринин жүрөгүндө жашай берет. Чыңгыз Айтматов –этникалык кыргыздарга оор учурда дем берүүчү, терең сыймыктануучу тарыхый жана дүйнөлүк адабияттагы легендасы болуп кала берет,” деп жазылат көңүл айтууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG