Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

15:50 Чолпон Орозобекова: Эптеп “Де факто” гезитин жабуу аракети болуп жатат


Басылманын редактору кечээ күнкү Свердлов райондук соту токтом чыгарардан мурда сотко гезит тараптан да өкүл чакырууга тийиш болчу, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди. Мындан тышкары соттун чечими он күндүн ичинде күчүнө кирет, булар болсо бир күн күтпөй, редакцияны тинтип, компьютерлерди алып кетишти,” деген Чолпон Орозобекова, бул дагы- миллион сомдук жаза айыптын артынан эптеп гезитти жабуу болуп жатат, деп эсептейт. Кечээ кечке жуук милиция кызматкерлери Свердлов райондук сотунун токтомуна таянып, “Де-факто” гезитинин редакциясын тинтип, тергөөгө керектүү деген себеп менен компьютерлерин алып кетишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG