Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

17:00 “Кылым шамы” бейөкмөт уюму президенттт“Жарандардын куралсыз, тынч жыйын өткөрүү укугу” тууралуу мыйзам долбооруна кол койбоого чакырууда


Аталган бейөкмөт уюму тараткан билдирүүдө жарандардын тынч, куралсыз чогулуу укугу –эң негизги жана маанилүү саясий укук болуп эсептелери белгиленген. “Бүгүнкү күндөгүдөй бийлик өзүнүн пайдасы үчүн гана чечим чыгарып, ал эми мыйзамды эмес, бийликтин көзүн караган соттор менен милициялардын тушунда тынч чогулуп, өз пикирин билдирүү –жарандардын эң акыркы мүмкүнчүлүгү болчу. Мындай жыйындардын максаты –бийликке коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү, түрдүү укук бузуулар тууралуу маалыматтарды бийликке жеткирип туруу болсо, мындан ары бийлик ошол көйгөй, маселелерди чечүүнүн ордуна, тескерисинче жарандардын өз пикирлерин ачык айтуусуна тыюу салып жатат,” деп айтылат билдирүүдө. Билдирүү ээлери “Жарандардын куралсыз, тынч чогулуу эркиндиги” тууралуу өткөн жума күнү парламент тарабынан колдоо көрсөтүлгөн мыйзам долбоору эл аралык деңгээлдин эң төмөнкү баскычына да тең келбестигин белгилешип, мамлекет башчы Курманбек Бакиевди Башмыйзамдын кепили катары бул мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG