Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ АКЦИОНЕРЛЕШЕБИ?


Маектешкен Алишер Токсонбаев, Бишкек Кыргыз өкмөтү бардык жогорку окуу жайларын Болония процессине өткөрүү, айрымдарын акционерлештирүү чарасын көтөрө баштады. Ошол эле убакта ЖОЖдордун жетекчилери президент тарабынан дайындалсын деген демилге көтөрүлүүдө. Мындай далалатка Жогорку Кеңеш депутаты, Социал-демократтар фракциясынын башчысы, Ош мамлекеттик университетинин мурунку ректору, Борбор Азиядагы Америка университетинин экс-вице-президенти Бакыт Бешимов “Азаттыкка” курган маегинде төмөнкүдөй оюн билдирди.

- Бакыт мырза, ЖОЖду акционерлештирүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Кыргызстан буга даярбы?

- Биринчиден, бизде бир топ жеке менчик окуу жайлар бар. Экинчиден, азыркы мамлекеттик деген окуу жайлар өзүнүн бюджетинен он пайызга жетпеген эле акча алат. Практика, иш түрүндө карасаңар алар көп жылдан бери эле мамлекеттин колунда эмес. Эгерде жамааттын колуна түшсө, бул бир варианты болот. Эгерде аны менчиктештирип алса анда бул башкача. Ошондуктан бул демилгенин артында кандай ой турат. Кимдин кызыкчылыгы жатат ошону тактап алышыбыз керек.

- Айрым бир бай адамдар, же андай адамдардын тобу менчиктештирип алса, Кыргызстанга кесепети тийет деген коркунуч жокпу?

- Азыркы учурда көпчүлүк жогорку окуу жайлардын жамааттары ушундай абалда. Аларды каякка айдаса ошол жакка кете берет. Тилекке каршы биздин мамлекетте ошол окуу жайлардагы мугалимдик жамаат учурдагы прогрессивдүү күч деп айтыш өтө кыйын. Андан тышкары Кыргызстан өнүгүү моделдерин же концепцияларын, стратегиясын иштегенде алардын салымы өтө чектелген. Жалпысынан айтыш керек биздин агартуу система өтө чоң кризисте, ошол кризистен алып кетиш үчүн комплекстүү иштер жүргүзүлүүсү керек.

- Өткөнкө кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттик университеттерди акционерлештирүү демилгесин койду. Мындай аракет бара-бара ЖОЖду менчиктештирүүгө жол ачпайбы?

- Мамлекеттик окуу жайларга караганда, менчик университеттер сапаттуу адистерди чыгарып жатпайбы. Бирок, аларды менчиктештириш үчүн адегенде өтө жакшы ойлонуп иш кылыш керек. Бирок, мен мисалы, менчиктеширүүгө каршымын. Анткени, билим берүү мамлекеттин стратегиялык тармагы.

- Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдорун чет өлкөдө таанытуунун башка ыкмасы жокпу? Мисалы Болониядан тышкары?

- Башка ыкмалары бар - өзгөчө келишимдер аркылуу. Бирок, Болония процессине кошулуу мисалы кредиттик системага өтүү, ошол алдыңкы жогорку окуу жайларынын системасын үйрөнүү, методикасын кабыл алуу жөнүндө болуп жатат. Анан өзүбүз деле СНГ мамлекеттер ичиндеби, же өзүбүзчө бир модел түзөбүз деп отура берсек менимче туура эмес болуп калат. Дүйнөлүк ЖОЖда болуп жаткан эң жакшы нерселерди үйрөнүшүбүз керек.

- Кээ бир ЖОЖдордун жетекчилери жогорку окуу жайлардын ректорлору президент тарабынан дайындалса деген демилге көтөрүп жатышат. Буга сиздин пикириңиз кандай?

- Эгерде ал менчик окуу жай болсо ал маселени ошол окуу жайды түзгөн адамдар чечиш керек. Ким ал университетти башкарат? Эгерде ал мамлекеттик университет болсо, албетте мамлекеттин дагы таасири болуш керек. Бирок кандай учурда таасир болуш керек... Менимче, жогорку окуу жайларда ректорлук кызматка эң алдыңкы, прогрессивдүү ойлоно турган адамдарды алып келүү максатын коюш керек.

- ЖОЖго дейре президенттин кийлигишүүсү бийликтин жалгыз колго топтолушуна өбөлгө жаратпайбы?

- Жаратат, албетте. Анткени адамдык артыкчылыгын, инсандыгын карабай эле, шайлоодо кандай иштеп берет, мени кандай колдойт деген эле ой кийлигишет буга.

- Бакыт мырза эми ток этер жерини айтсаңыз кыргыз агартуу системасы кандай өңүттө реформаланса, тармак оңолуп кетиши ыктымал?

- Биз агартуунуу ХХI кылымдын деңгээлине, стандартына, талабына алып келбесек, кыргыз улутунун тагдыры бир топ оор болот. Тармакта реформа жасай турган адамдар азыркы учурда калбай калды. Жылда билим берүү министри алмашып жатат. Ал министрлердин реформа боюнча ою кандай, саясаты кандай, кайсы стратегиялык багытта кетээри бүдөмүк.

-Бакыт мырза, маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG