Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

АКШ президенти Жорж Буш Улуу Британияга келди


Улуу Британия Жорж Буштун кызмат мөөнөтү бүтөөр алдында Европадагы акыркы ири сапарынын соңку бөлүгү. Ал британ өкмөт башчысы Гордон Браун менен Ирак жана Ирандын өзөктүк программасына байланышкан маселени да талкуулайт. Лондонго чейин Парижде болгон учурунда Жорж Буш Иран өзүнө дүйнөнүн алты ири державасынын уран байытуу программасын токтотуу үчүн берген сунуштарынын жаңы топтомун кабыл албоого даяр экендей түр көрсөтүп жатканына ирээнжигенин кечээ билдирди.
АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия, Германиянын жаңы сунуштарын иран жетекчилигине кечээ Тегеранда Еврошаркеттин тышкы саясий мекемесинин башчысы Хавьер Солана тапшырган эле. Иран буга расмий жооп бере элек. Бирок өкмөттүн басма сөз өкүлү Голам Хоссеин Илхам "уран байытууну токтотуу" талкууга жатпай турган маселе экенин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG