Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

АКШ президенти Жорж Буштун Британияга сапары башталды


Жекшемби күнү башталган сапардын алгачкы күнүндө Жорж Бушту Британиянын канышасы кабыл алып, алар эски достор катары чай ичишти. Бүгүн АКШ президенти менен Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браундун сүйлөшүүсү башталат. Анда тараптар Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, азык-түлүк, күйүүчү майга баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулайт. Күз айларында президенттик мөөнөтү аяктап бараткан Жорж Буш Британиядагы сапары менен Европага жасаган алты күндүк акыркы расмий сапарын карытат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG