Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:43

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөөгү 14-июнда жерге берилди. ”Атабейитте” казылган жайда жазуучунун кепинделген сөөгү табыттан чыгарылып, мусулман салтына ылайык жерге берилди. Улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу үчүн “Ата бейитке” маркумдун жакындарынан сырткары, президент Курманбек Бакиев баштаган расмий адамдар, сырттан келген ардактуу коноктор, жазуучунун улуу-кичүү күйөрмандары барышты. Төмөндө залкар жазуучу менен коштошуу зыйнатында тартылган айрым сүрөттөр.





































Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Кыргызстандын Талас облусундагы Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле таланттуу жазуучу катары дүйнөгө таанылып, мыкты чыгармалары үчүн Социалисттик Эмгектин Баатыры жогорку наамын алган, СССРдин Лениндик жана мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон. Ал ошондой эле башка эл аралык көп сыйлыктарды алып, Рим клубу, Европа илимдер академиясы сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдарга мүчө болгон. Ал мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, Президент Горбачевдун тушунда Президенттик Кеңештин мүчөсү, андан кийин СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Чыңгыз Айтматов көп жылдар бою Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жана НАТОдогу элчиси кызматын аркалап келди.

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 170 тилине которулуп, чет өлкөлөрдө жалпы нускасы 40 миллион нуска менен чыккан. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча Ч.Айтматов көп жылдардан бери дүйнөнүн эң окумдуу жазуучуларынын бири болчу.

Атактуу жазуучу быйыл 80 жашка карап, Кыргызстанда быйылкы жыл Айтматов жылы деп жарыяланып, жыл башынан бери мааракеге арналган ар кандай иш чаралар байма-бай өтүп жаткан.
XS
SM
MD
LG