Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Айгул Жунушалиева, Азаттык Ошентип улуу жазуу Чынгыз Айтматовдун сөөгү жерге берилди. Айтматовдон айрылуу бир гана кыргыз эмес, жалпы адамзат үчүн чоң жоготуу. Анткени ал өз чыгармалары менен дүйнөлүк адабиятты жаңы баскычка көтөргөн. Жазуучунун дүйнөлүк адабияттагы орду баа жеткис экени талашсыз.

Чынгыз Айтматовдун миллиондогон окурмандарынын бири, белгилүү комузчу Самара Токтакунова мындан бир нече жыл мурда болгон окуяны мындайча эскерет:

- 70-жылдары Жапонияда өткөн чоң көргөзмөгө барып калдык. Көргөзмөдө дүйнөлүк белгилүү акын-жазуучулардын сүрөттөрү илинген жер бар экен. Анан карасак эле Чынгыз агабыздын сүрөтү турат. Сүйүнүп, сыймыктанганыбызды сурабаңыз. Анан Жапонияга барган топ кыргыз ал сүрөттүн жанында чурулдашып турсак жаныбызга жапондор келип: Жок, Айтматов кыргыздыкы эмес, ал биздин жазуучу, биздин уул”,- деп айтышты. Демек, ал кыргыздын эле эмес, дүйнө калкынын уулу болгон.

Самара Токтакунова айтып берген бул окуя дагы бир жолу залкар жазуучуну дүйнөдөгү көптөгөн калк өз уулундай кабыл алып, анын адамзаттын руханий өсүп-өнүгүүсүнө тийгизген таасирин бийик баалашканын айгинилейт.

Айтматов таануучу Абдылдажан Акматалиев жазуучунун чыгармалары бир гана дүйнөлүк маданиятка эмес, керек болсо саясат, экономика өңдүү башка тармактарга да таасирин тийгизгенин айтат:

- Жетимишинчи жылдары Зулфия аттуу кыз “Айтматовдун чыгармаларынын Сириянын экономикасына тийгизген таасири” деген темада кандидаттык иш жазган эле. Мына, Айтматовдун кино, музыка, театрга гана эмес, саясатка, коомго, экономикага таасир бергенин далилдеген факт.

Айтматов адабиятты жаңы баскычка көтөрүп, өз эмгектери менен дүйнөлүк адабияттын алтын казынасын толуктап кетти.

Маркум жазуучу “манкурт” деген түшүнүктү жаратып, муну менен адабиятта зор ачылыш жасады дейт журналист Жыргалбек Касаболотов:

- Жалгыз эле кыргыз эмес, бүтүндөй 20-кылымдын маңызын көрсөткөн “маңкурттук” деген философиялык түшүнүктү жаратып кеткени-анын бийик денгээлдеги ойчул экенин көрсөтүп турат.

Дүйнө кыргыз калкын, кыргыз маданиятын Чынгыз Айтматов аркылуу тааныганы талашсыз. Акын Вячеслав Шаповалов улуу жазуучунун көзү өткөндөн кийин кыргыз маданиятынын өз ордун табуусу арсар деген пикирин айтат:

- Албетте, Айтматов кыргыз адабиятын дүйнөгө тааныткан инсан эле. Мен көп жолу кыргыз делегациясы менен бирге чет мамлекеттерге баргам. Андыктан дүйнө биздин адабиятты Айтматов аркылуу тааный турганын билем. Эми, анын көзү өткөн соң кыргыз маданияты кемтилип калды. Ал кемтикти калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

Айтматов буга чейин бир канча жолу Нобель сыйлыгына көрсөтүлгөн. Бир гана кыргыз эли эмес, чет мамлекеттиктер дагы Айтматов бул сыйлыкка толук татыктуу экенин айтышып, андан үмүт этип жүрүшкөн. Бирок тилекке каршы мындай жакшылыкка жеткизбей, шум ажал залкар инсанды арабыздан жулуп кетти. Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү комитетинин мүчөсү Якуб Демиомир оглунун пикиринде, Айтматов эчак эле калың калк ыйгарган Нобель сыйлыгына ээ болгон:

- Биздин комитет улуу агабызды Нобель сыйлыгына көрсөтүү үчүн жан үрөп иштеп жаттык эле. Интернеттеги дарегибизге Айтматовду бул сыйлыкка татыктуу дегендерден үч жүз миңден ашуун кат келген. Мен айтаар элем, ал Нобелге жетпей калса дагы, дүйнө жүзүндөгү калктын жүрөгүнөн чыккан Нобелди алып кетти. Бүтүндөй түрк калкы ушинтип ойлойт.

Ошентип, Чынгыз Айтматов көзү өтүп кеткени менен жер шарындагы миллиондогон адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, өз эмгектери менен өзүнө кылымдар бою урагыс эстелик тургузуп кетти.
XS
SM
MD
LG