Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Ч.ОРОЗОБЕКОВА: КУУГУНТУКТОО САЯСАТЫ УЛАНУУДА


Оппозициялык маанайдагы “Де-факто” гезитин милиция тинтүүгө алып, андан соң редакциянын эшигине мөөр басылып, жабылды. “Азаттык” үналгысынын бүгүнкү мейманы “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова. Гезит ээси басылманын айланасындагы окуяларга жооп берди.

- Акыркы кабарларда айтылгандай, “Де-факто” гезитинин редакциясы милиция тарабынан мөөр менен чапталып, жабылганы айтылды. Бирок биз билгендей, окурамандар эртең гезиттин жаңы санын күтүшөт. Бүгүн чыкпай калуу коркунучу жокпу?

- Чыкпай калышыбыз мүмкүн болуп атат, балким чыкканга үлгүрүп да калабыз. Себеби бүгүн биз компьютерлерибизди кайтарганга жана офисти ачтырганга аракет кылмакчыбыз. Бүгүн тергөөчүлөр менен жолугабыз. Ушул иш боюнча мен буга чейин Бишкектин сыртында болуп калдым. Мен бүгүн келдим, жолугуп, сурак берип, анан офтисти ачтырганга аракет кылам. Эгер биздин офисти ачпай коюшса анда бул номер чыкпай калышы толук мүмкүн.

- Сиздердин гезитте жарык көргөн салык инспекицясындагы коррупция тууралуу макала 12-июнда жарык көргөндөн кийин сотко чейин маселе болду беле, салык инспекциясы тарабынан телефон чалышып, же макалада айтылгандарды жокко чыгаруу тууралуу өзүңүздөргө кайрылыштыбы?

- Мен ошол күңдөрү Бишкекте болбой калдым. Чынында салык инспециясын келип сүйлөшүү аракети сотко чейин болбоптур. Түз эле сотко барышкан, биздин өкүлдү чакырышкан дагы эмес. Соттун токтомун көтөрүп келип туруп эле, дароо басып калып туруп, тинтип, анан офисти жаап салышкан. Бул жерде түздөн-түз мыйзам бузуу болуп атат. Соттун токтому 10 күнгө чейин биздин убактыбыз бар болчу, кассациялык арыз менен шаардык сотко кайрылганга. Бизге ошол укуктан ажыратып туруп, баскынчылык менен келип тинтип, дароо офисти жаап салышты. Бул түздөн-түз гезитти жабуу жана чыгарбоо аракети.

- Барыбызга белгилүү болгондой эки жума мурда 1-Май райондук соту тарабынан сиздердин гезитке 1 млн. сом жаза айып салынбады беле президент Курманбек Бакиевдин иниси Асылбек Салиевдин ар-намысы боюнча. Мындай пикирлер айтылып атат, кечээки 12-июндагы макаланы шылтоо кылып туруп, 1 млн. сом сиздер окурмандардан жыйнап баштагандан кийин бийлик дагы аракеттерди жасап жатышы мүмкүн деген. Сиз кандай ойлосуз?

- Чынында 1 млн. сомду салуу менен бизди жабабыз деген ойдо болсо керек балким, бирок бизди окурмандар катуу колдой баштаганда булар башка аракеттерге өттү деп түшүнөм. Ошондуктан бул куугунтуктоо саясаттын гана уландысы.

- Сиздердин гезитке жасалган кысым жалпы эле Кыргызстандагы сөз эркиндигин кысуунун аракети деген да пикирлер бар. Эгер сиздердин гезитке ушундай аракеттер, кысым токтобосо мындан аркы кадамыныздар кандай болот?

- Эң башкысы биздин аркабызда окурмандар турат. Биз бир саясатчы, же бир адам эмеспиз, биз гезитпиз. Гезит менен мамилени башкача кылыш керек. Себеби биздин аркабызда миңдеген окурмандар турат. Ошондуктан мен бийлик өз саясатын өзгөртөт деп ишенем, дагы деле үмүтүм бар.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG