Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Өткөн жума күнү парламент жарандардын тынч, куралсыз чогулуу жана пикет, митингдерди өткөрүү укугу тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Ошол эле учурда айрым депутаттар бул мыйзам долбоору эл аралык адам укуктарынын нормаларына жана Баш мыйзамга каршы келээрин айтып чыгышкан эле. “Азаттыктын” түз обосунда ЖК депутаты Бейшенбек Абдразаков айрым суроолорго жооп берди.

- Жума күнкү талкууда сиз митинг, пикет өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун колдой турганыңызды билдирдиңиз эле. Себебин айтып кетсеңиз?

- Өзүңүздөр билесиздер, 24-мартта революцияга чейин шаардык Кеңеште да ушундай токтом кабыл алынган митинг болбойт деп. Революциядан кийин митинг болот деп кайра кабыл алышкан, кийин кайра болбойт деп кабыл алышты. Мен колдогон себебим, саясий кырдаалга байланыштуу эмес, бир мыйзам болуш керек дагы, кандай оор саясий абал болсо дагы ошол мыйзам иштеш керек. Анткени мыйзам жок болгондуктан, кааласа бул жагына, кааласа тигил жагына чыгарып коюп атышат. Ошондон улам дайыма аткарыла турган мыйзам керек деп мен ойлойм.

- Бирок сиз билесиз да, пикет, митинг өткөрүү жарандардын өзүнүн пикирин, ачык сөзүн айтуу, бийликке өзүнүн дооматын, көйгөй маселесин коюу деп айтылып жүрөт. Анан ушул жарандардын негизги саясий укугу бузулуп жатат деп атышпайбы укук коргоочулар. Сиз кандай ойлойсуз?

- Бул жерде аларды таптакыр эле токтотуп койгон жокпуз. Алар чыга берсе болот. Бирок жазып коюп, анан атайын каралган жерлерге чыгыш керек, тартип болуш керек. Таптакыр эле буларды токтотуп салуу деген жок, чыгат, буга чейин деле болгон, мындан кийин деле боло берет. Бирок тартипти сакташ керек.

- Кечээ “Кылым шамы” бей өкмөт уюму билдирүү таратты өлкө эли улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жазасы менен алаксып аткан учурда Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып жибергени туура болбой калды, бул коомчулукта талкууланыш керек эле. Ошол күнү парламентте сиздер талкуулап жаткан учурда дагы айрым сиздин кесиптештериңиз ушул пикирди айтышты, бул мыйзам долбоорун коомчулук талкуулаш керек эле деп. Парламенттин кызыкчылыгы бар беле дегеле ушул мыйзам долбоорунун өтүп кетишине?

- Бул мыйзамды 2-3 ай болду талкуулап атканыбызга. Пралменттик угуу да болгон, комитетте 5-6 жолу каралган, телевидениеден да айтылган, көптөн бери айтылып келаиткан нерсе. Биз атайын Чыңгыз Айтматовду коер күнгө муну тууралаган жокпуз. Биз айдын башында күн тартибин бекиткенбиз бир айдагы маселелерди. Ушул маселе ушул күнгө туура келип калды. Ошондон улам жанагыдай ойлор пайда болушу мүмкүн. Бирок биз муну атайын кылган жокпуз.

- Ушул мыйзам долбоорунда айтылгандай пикет, митинг, нааразычылык акциялары өкмөт үйү, Жогорку Кеңештен алыс туруп өткөрүлүшү керек. Ошол эле учурда сиз айттыңыз атайын белгиленген жерлерде деп. Бишкек шаарында көбүнчөсүн Максим Горький атындагы паркты пикет, митинг өткөрүлө турган жер деп ошол аныктап ошол жерге уруксат берип жүрүшөт. Бирок сиз айтсаңыз Жогорку Кеңештин депутаттарына, же өкмөт мүчөлөрүнө маселени жеткирүү үчүн атайын чыккан адамдарга Максим Горький паркынан ким көрөт деген дагы суроо келип туулат?

- Бул жерде телевидение, гезит, журнал дегендер бар. Бул жерде көргөңдө эмес, ошол койгон маселенин куштугунда болушу керек. Аны бир эле имараттын ичинде көрүнбөй туруп деле чоң заявление кылса болот, көчөгө чыгып кыйкырсаң деле болот. Экөөнүн реакциясы эки башка болбойт. Маанилүү иш болсо ошончолук реакция болот.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG