Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

КУМТӨР БОЮНЧА СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮ КИЙИНКИГЕ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


16-июнда Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту парламенттин төрага орунбасары Кубанычбек Исабековдун 2003-жылдын 31-декабрындагы өкмөттүн “Кумтөр” алтын кени боюнча токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн доо арызын кароону 20-июнга жылдырды. Сот “Кумтөр” алтын кенине берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун териштирүүнү өзүнчө иш катары бөлдү.

“Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүн эларалык арбитраждык сотко берип, бийик тоо шартындагы кошумча акы менен жер салык өлчөмүн тактап, талаштуу маселени четтен чечип алууну көздөөдө. Ага чейин эле парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков 2003-жылдын аягындагы өкмөт токтомун жокко чыгаруу талабын коюп, кыргыз өкмөтүн сотко бергенине жарым жылга жакын убакыт өттү. Бирок да сот азырынча жыйнактуу бир бүтүмгө келе элек.

16-июнда Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту Мыктарбек Алымкулов “Кумтөр” алтын кенине берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун кароо боюнча соттук ишти өзүнчө, 2003-жылкы өкмөт токтомун териштирүүнү ага кошпой өз алдынча кароо туура болорун ырастаган чечимин жарыя кылды.

- Сот иш менен таанышып чыгып, тараптардын пикирлерин угуп мындай чечимге келди. № 850-ишти өзүнчө кароо керек.

Ошентип “Кумтөр” алтын кенине өткөн жылкы келишимден кийин жаңы кендердин иштетүүгө берилген лицензиялар өзүнчө каралмакчы. Өткөн жылкы кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдер боюнча жаңы лицензиялардын көмүскө, тендерсиз берилип кетиши мыйзамга кайчы келерин ырастап, К.Исабеков сотко арыз жолдогон.

- Башка юристтерине деле бербейби! Макул, бүгүн лицензияларды карап көрсүн. Лицензиялардын мыйзамдуулугун. Бирок мен мунун баарын аягына чейин чыгарттырам. Муну эл билет.

Быйыл февраль айынан бери созулуп келаткан талаштуу маселе непадам оңунан чечилип, өкмөттүн 2003-жылкы токтомун жокко чыгарылып калса “Центерра Голд” компаниясынын түзүлүшү мыйзамга кайчы келери ачыкка чыгып калганы туру. К.Исабеков Кыргызстан “Кумтөр” алтын кен долбоорунан эч кандай пайда таба алган жок, деп эсептейт.

- 200 тонна алтын казып, 2 миллиард 400 миллион долларга сатышты. Ошонун 10% да кыргызга түшкөн жок. Жер салыгын бүт дүйнөдө төлөтөт. Дагы бир жолу өздөрү дүйнө алдында уят болот. Буга барышыбыз керек.

2007-жылкы кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстандын акциялары 30% ашты. Бирок да анын акысына өкмөттүн канадалык ишкерлерге жаңы кендердин лицензиясын берип коюшу артынан чоң талашты чакырганы калды окшойт. Мыйзам шартына ылайык ири кендерге лицензия ачык тендер негизинде берилет.

Азырынча кыргыз өкмөтүнүн 200 тонна алтын казып алган канадалык компания канча киреше тапканы тууралуу так маалыматы жок. “Кыргызалтын акционердик коомунун жетекчи орунбасары Максат Жээналиевдин айтуусунда, “Центерра Голд” компаниясынын курамына киргени “Кумтөр” алтын кени андай маалымат берүүнү токтоткон.

- Себеби 2003-жылдан тарта мынабу “Центерра” болуп реструктуризацияланып, кайра түзүлгөндөн бери мындай маалыматты “Кыргызалтынга” булар бербей калышкан.

Бишкектин райондор ортолук экономикалык маселелер боюнча соту 17-июнда “Кумтөр” алтын кен компаниясына берилген лицензияларды, 20-июнда болсо 2003-жылкы өкмөт токтомун териштирмекчи.

XS
SM
MD
LG