Ирандык «Этемад» гезити кабарлагандай, базар күндөрү Ирандын түндүк батышындагы Занжан шаарында 3 миңден ашуун студент университеттин бир ири төбөлү тарабынан студент кыздарга жасалган сексуалдык асылуусуна каршы нааразылык иш-чара өткөрүштү. Маалыматка караганда, университеттин вице-канцлери ошондой жосунсуз кылыкка барган имиш. Студенттер бул окуя үчүн университеттин директорлор кеңешинин курамынын кызматтан чегинишин жана өлкөнүн билим берүү министринин кечирим суроосун талап кылышты.