Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

Еврошаркет уюмду реформалоону караган Лиссабон келишими Ирландиядагы жалпы элдик референдумда четке кагылгандан кийинки абалды талкуулап жатат. Дүйшөмбү күнү шаркетке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Люксембургда чогулду. Учурдагы эреже боюнча келишим шаркетке мүчө 27 өлкөнүн баарында ратификациялангандан кийин гана күчүнө кире алат. Маалыматтарга караганда, Еврошаркеттин лидерлеринин көпчүлүгү кайра эле негизги эки принцип: улуттук суверенитет менен жалпы европалык окшоштуктун карама –каршылыгынан жаралган азыркы кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун табууну көздөөдө.

Былтыр декабрда кол коюлган Лиссабон келишими Европанын бирдиктүү Конституциясынын ордуна даярдалган базалык документ эле. Ал Конституция долбоору 2005 –жылы Франция менен Нидерландиядагы референдумдарда четке кагылгандан кийин иштелип чыккан. Адеп башында белгиленгендей, келишим шаркетке мүчө 27 өлкөдө 2009-жылдын 1-январына чейин ратификацияланышы керек болчу. Азыркыга чейин аны 18 өлкөнүн улуттук парламенттери жактырып койгон эле. Ратификация үчүн референдум бир гана Ирландияда талап кылынган. Анткени бул өлкөдө Еврошаркеттин баардык базалык келишимдери Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талап кылат жана ал жалпы элдик добуш берүү аркылуу гана ишке ашырылат. Өткөн бейшемби күнү референдумда ирландиялыктардын 53,4%ы келишимге каршы экендигин билдиришти.

Ирландиялыктардын мындай чечими Еврошаркеттин лидерлерин шок абалына алып келгендей болду, анткени мындай жагдай учурдагы эрежеге ылайык Лиссабон келишими келерки жылдын 1-январынан тарта күчүнө кире албайт дегенди туюндурат.

Анткен менен Еврошаркеттин лидерлери арасынан келишимди колдоо сөздөрү көбүрөөк айтылып жаткандай. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросо ирландиялыктар "жок" дегенине карабай, мүчө өлкөлөрдө келишимди ратификациялоо улантыларын дароо эле айтып чыккан:

- 27 өкмөт Лиссабон келишимин жактырууну чечкенде, алар муну оюн-тамаша үчүн эле жасаган эмес. Алар проблема бар жана биз кеңейген Еврошаркетте кызматташуунун башка жолдорун табышыбыз керек деп эсептешкен. Проблема али бар, биз мындан кете албайбыз. Мүчө өлкөлөрдүн он сегизи келишимди жактырып койду. Жалгыз гана Ирландия жок деди. Биз бул жараянды уланта беришибиз керек, ошол эле учурда жетекчилер жолугуп, буга чогуу жооп берүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин карашыбыз керек. Себеби бул -жамааттык жоопкерчилик.

Шаркеттин азыркы төрагасы- Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Руппель да ратификация жараяны уланат деген үмүттө. Бирок ал бүгүн Люксембургдагы жыйынга келген учурунда анда кырдаалдан кантип чыгуунун жообу жок экенин моюнга алды. Бүгүн тышкы иштер министрлери кездешсе, апта соңунда өкмөт жана мамлекет башчылары жолуккан жатат.

Бул аралыкта шаркеттин алдыдагы жарым жылдыктагы төрагасы -Франциянын президенти, келишимдин бекем жактоочусу Николя Саркози ратификация маселеси боюнча Чыгыш Европа өлкөлөрүн кыдыруусун Чехиядан баштады. Ирландиядагы рефендумдун жыйынтыгын "ыктытуу" деп атаган Саркози Прагада чех өкмөтүнө кысым жасачыдай. Себеби Ирландиядагы референдудан кийин Чехиянын туруму олку –солку боло баштагандай көрүнүүдө. Дегеле бул өлкөнүн президенти Васлав Клаус Лиссабон келишиминин оппоненти. Ал Ирландиядагы референдумдун жыйынтыгын кубаттагандай мамилесин билдирген. Кокус Чехия ратификация жараянын токтотсо, ал Британия, Польша өңдүү башка "евроскептик" өлкөлөрдү да ушуга шыктандырышы мүмкүн.

350 беттен турган Лиссабон келишими татаал документ. Ал Еврошаркеттин жетекчи институттарынын иш ыргагын тездетүүгө жана чечим кабыл алууну жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган. Келишим мүчө өлкөлөр тигил же бул маселеге вето сала алуучу учурларды азайтат, чечимдердин көбү көпчүлүк добуш менен кабыл алынуусуна жол ачмакчы. Ошондой эле Еврошаркеттин эл аралык аренадагы турумун бекемдөө үчүн президенттин жана тышкы иштер министринин кызматын киргизүүнү карайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG