Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Аида Касымалиева, Прага Жакында Орусиянын белгилүү модельери Вячеслав Зайцев күнүмдүк жашоодо кийилчү кийим-кечектердин жаңы коллекциясын элге тартуулады. Эң кызыгы, Зайцевдин көйнөктөрүн карап, түркмөндөрдүн улуттук кийминин элементтерин көрсө болот. Бирок бул заманбап көйнөктөрдү түркмөн аялдары өздөрү кие албайт көрүнөт. Түркмөн кыз-келиндери --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2D2C4260-D712-46EA-8790-635D46663EB8.asp дагы да болсо мектептерге жана жумушка салттык улуттук кийимчен гана барат.

Ушул айда Ашхабатта болуп кайткан Зайцев түркмөндөрдүн улуттук кийим-кечесинен укмуштай таасирленгенин жана анын кийинки коллекциясы ушул элдин улуттук кийиминдеги оймолорго жана башка өзгөчөлүктөргө негизделээрин айткан эле.

Орусиянын айтылуу кийим дизайнери Түркмөнстанга Кездеме көргөзмөсүнө катышуу үчүн барган. Зайцев жаңы көйнөктөрдү күнүмдүк жашоодо кийүүгө болоорун, алар жалаң түркмөн пахтасынан даярдала турганын да ырастаган. Белгилүү модельер өз кыялын түркмөн саймасы да катуу таасирленткенин айтты.

Бирок кызыгы, Москвада мындай “өзгөчөлүү” кийимдерге кардарлар арбын табылаары анык, бирок Түркмөнстандын өзүндө болсо, тескерисинче, бул заманбап кийим-кечектерге эч кайсы айымдын көңүлү түшпөйт сыяктанат. Анткени салт катары дээрлик жер чийгендей чубалжыган узун көйнөкчөн жана улуттук баш кийимчен - “тахыячан” жүргөн түркмөн аялдары Зайцевдин кыска жана ачык көйнөктөрүн дээрлик эч жакка даап кийе алышпайт.

Түркмөнстандын мектептериндеги кыздардын униформасы дээрлик толугу менен улуттук кийимге негизделген. Ачык жашыл түс аралашкан, тизеден ылдый түшкөн көйнөктөр сайма менен кооздолгон. Уландардын да, кыздардын да улуттук тебетей - тахыя кийиши абзел.

Фарид Тухбатулин Вена шаарында «Түркмөндөрдүн демилгечи тобу» аттуу уюмду жетектейт. Анын баамында, жаштар, айрыкча башка улуттагылар мектепке түркмөн улуттук кийимин кийип баргылары келишпейт. Дегеле дүйнөдөн кайткан президент Сапармурат Ниязовдун бул жардыгына каршы чыккандар көп. Деген менен учурда жогорку окуу жайларда болобу, мектептерде болобу, кыскасы коомдук жайларда кыз-келиндер улуттук кийимчен жүрүшү дагы деле өзгөчө талап кылынган эрежеге жатат.

- Бардык университеттерде, мектептерде, кесиптик окуу жайларда атүгүл түркмөн эмес жаштар да улуттук кийим кийүүгө аргасыз. Бул эреже жаңыдан эле киргизилип жатканда макул болбогондорду стипендия бербейбиз, окуудан кетиребиз деп коркутушкан. Мына ушундай ыкмалар менен студенттер улуттук кийим кийүүгө мажбур болушкан.

Мындай мектеп униформасынын баасын көпчүлүк үйбүлөлөр көтөрө да алышпайт деп кошумчалады Фарид Тухбатулин.

Чет өлкөлүктөрдү таң калтырганы, Түркмөнстандын көчөлөрүндө көпчүлүк аялдар улуттук кийимчен жүрүшөт.

Кээ бирөөлөр муну мурдагы президенттин Түркмөнстанды дүйнөдөн обочо кармоо саясатына байланыштырышат. Эгемендиктин жылдары түркмөндөрдүн көпчүлүгү чет өлкөгө ээн-эркин чыгып, башка элдер кандай кийингенин көрүшкөн эмес. Ал арада Түркмөнстан да чет элдик конокторду көп сандап кабыл албайт болчу. Көз карандысыз интернет баракчаларына тыюу салынган бул Борбор Азия өлкөсүндө модага арналган журналдарды көрүү мүмкүнчүлүгү да чектелген болчу.

Бирок ошого карабастан, түркмөн аялдарынын бир даары улуттук кийимди өздөрү эле тандаганын, аны менен сыймыктанаарын билдиришкен.

Түркмөн аялдарынын улуттук кийими ачык түстөрү, кооз саймалары менен белгилүү. Кызыл, кырмызы, сары – өлкөдөгү айымдар ушул түстөрдү жакшы көрүшөт. Ал эми көйнөктүн жакасы жана жеңи кызыл же алтын түстүү жиптер менен жасалгаланат.

Түркмөн аялдары кооз кийингенди да жакшы билишет жана буга абдан аракеттенишет. Айрым түркмөн эркектер тамашалап, айымдар акыркы акчасын тамакка короткондон көрө, көйнөктөргө сарптаарын да айтып күлүп калышат.

Ал эми Ашгабаттын модачыл айымдары акыркы кездери өздөрүнүн өзгөчө стилин ойлоп табышты. Алар улуттук кийимди Европанын элементтери менен жуурулуштуруп тигип кийинишет. Мурда кенен болгон түркмөн көйнөгү азыр белинен кынаптала баштаган – бул да кызык жаңылык. Көйнөктүн жеңи да кыскарып, моюн жагы саал ачыгыраак боло баштаганы байкалат.

Бирок түркмөн аялдарынын улуттук кийимине негизделип ойлоп табылган Зайцевдин заманбап көйнөктөрү жакын арада Түркмөнстанга оңой менен келе койбойт дешет байкоочулар. Себеби Түркмөнстанда дагы деле болсо аялдын эмне кийээрин өкмөт чечет эмеспи.
XS
SM
MD
LG