Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Аида Касымалиева, Прага Көңүл коюусу начар болгон, бир жерде отура албаган балдар жана өспүрүмдөр баарыңыздарга эле тааныш болсо керек. Адатта педиатрлар мындай балдарга “гиперактивдүүлүк” диагнозун коюшат. Бирок адамдын көңүлүнүн чаржайыттыгы айрым бир чөйрөдө же кесипте оору эмей эле, жетишкендикке айланып кетиши ыктымал экен.

Көчмөн калктардын канында гиперактивдүүлүккө жооптуу ген менен байланышы бар DRD4 гени бар экени окумуштууларга белгилүү. Висконсин университетинин профессору Бенжамин Кемпбелл жана АКШнын жогорку окуу жайларынын окумуштууларынын башка тобу номаддар үчүн бир аз гиперактивдүү болуу пайдалуу болушу мүмкүн экендигин далилдешти.

Кемпбеллдин тобу Кениянын түндүгүндө жашачу көчмөн калкты - ариаалдарды изилдеп чыгашкан. Бул калк уй, төө, кой жана эчки багуу менен жашашат. Ариаалдардын бир бөлүгү 1960-жылы айыл-чарбаны аркалап, отурукташып калган.

Атактуу “BMC Evolutionary Biology” журналынын акыркы басылмасында профессор Кемпбелл жана анын кесиптештери көчмөн жашоосун уланткан жана отурукташып калган адамдардын генин салыштырып көрүп, таң калыштуу айырмачылыктарды табышкан.

Номаддардын ден-соолугу отурукташып калган туугандарыныкына караганда чыңыраак болуп чыккан. Көчмөндөр булчуңдуураак болуп, салмагы оорураак келишет. Ал эми фермерлердин когортасынын дайыма тое жебегендиги аныкталган.

-Биз эмнеге ушундай болуп жатканын алигиче түшүнө элекпиз. Бирок бул өтө кызыктуу көрүнүш. Себеби эки топ тең бир эле генге ээ. Бирок анын берген жыйынтыктары ар башка.

Кемпбелл жана анын кесиптештери ариаалдарды атайын тандап алышкан. Себеби бул көчмөн калк азыркы цивилизациялуу дүйнөдөн такыр обочолонуп, илгерки адамдарча жашайт. Анан дагы ариаалдар тамак табуу үчүн көп аракеттенишет.

Бул калкты изилдөө менен окумуштуулар гендин эволюциясын тагыраак түшүнүүгө үмүттөнүшүүдө.

-Эгерде сиз тамак-ашты табуу үчүн көп энергияны сарптоого туура келген коомдо жашасаңыз, анда баары жакшы. Бирок кыймыл-аракетти өтө аз талап кылган, ошол эле учурда тамакка мол коомубуз үчүн көп энергиялуу болуш проблемага айланышы мүмкүн.

Кемпбеллдин айтымында, ариаалдардын канында табылган DRD4 гени адамдарды тобокелдикке барууга, активдүүрөөк болууга жакыныраак кылат. Мындай гендүү киши талапчыл келип, сөзсүз эле жароокер киши болушу абзел эмес. А бирок бул адамдар “кыйын кезең” келгенде жеңишке жетишишет. Маселен, тамак-аш өтө аз болгон учурду алсак болот.

Ал эми бүгүн “гиперактивдүү” деген диагноз менен жашаган балдар мектепте көп проблемаларга тушугуууда. Алар көбүнчө мугалимдерин ынтаа коюп уга алышпайт, үй тапшырмаларын жасоодо көңүлү алагды. Көңүлү чачыранды балдар импулсивдүү болушат. Өздөрүнүн ойлорун ирээтке келтирүү же өзүнүн буюм-теримдерине жакшылап көз салуу алар үчүн кыйындыкка турат.

Бир нерсеге көпкө көңүл бөлө албаган балдар башка жакка караганда Европада жана Амеркада көп кездешет. Бирок, таң калычтуусу, 2007-жылы жасалган иликтөөлөр “гиперактивдүүлүк” Түштүк Америкада жана Африкада кеңири жайылганын айкындаган. Бул жааттагы иликтөөлөр боюнча Ямайкалык жана Тайланддык балдардын көңүл коюсу эң начар, ал эми финндер менен жапондор, тескерисинче, бир нерсеге көп убакыт бою тынбай көңүл бөлө алышат.

Профессор Кемпбелл фермер ариаалдардын мектепке барган балдарын иликтеп көргөнү жатышат. Ал эми дагы эле көчмөн бойдон калган ариаалдардын калган бөлүгүнүн балдары мектепке барбайт жана динамикалуу айлана-чөйрөдө жашашат. Мындай чөйрө алардын кызуу кандуу темпераментине жана генине көбүрөөк коошуп тургандай.

Ошентип, профессор Кемпбелл жана анын кесиптештери мурдагы көчмөндөрдүн балдары мектепке кантип ыңгайлашты экен деген суроону иликтөөдө. Анын жыйынты “гиперактивдүүлүк” менен жашаган балдарга кантип билим берсе болот деген суроого жооп табаар деген үмүт зор.
XS
SM
MD
LG