Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

7:53 “Де-факто” гезитинин маалыматтык дисктерин алуу мыйзамсыз болгон


Бул тууралуу гезиттин адвокаты Нина Зотова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, соттун чечиминде гезиттин бухгалтердик документтерин алууга берилген. Ал эми маалыматтык дисктер тууралуу сөз жок. Ошондой эле редакциясынын эшиктерин жаап, мөөрлөнүшү да мыйзамга жатпайт. Эгерде тергөөчү бүгүн маалыматтык дисктерди кайтарбаса, анда сотко кайрылабыз, деп белгиледи Зотова. “Де-факто” гезитинин редакциясы Свердлов райондук соттун чечими менен өткөн ишембиде тинтүүгө алынып, андан кийин редакция жабылган.(AiT)

XS
SM
MD
LG