Парламент ал боюнча буга чейин атайын токтом кабыл алган. Жогорку Кеңештин жер-агрардык маселелер жана экология, регионалдык өнүктүрүү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу комитеттеринин биргелешкен жыйынында мына ошол токтомдун аткарылышы талкууланат. Депутаттарга ал боюнча биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев маалымат берет. Табыйгый кырсыктар алып келген зыяндар боюнча шаршемби күнү парламентте өкмөттүк саат болуп, анда өкмөт башчынын маалымат берүүсү белгиленүүдө.(AiT)
7:55 Жогорку Кеңештин комитетинде Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү маселеси каралат