Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

БУШТУН ЕВРОПАДАГЫ САПАРЫ КАРЫДЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага АКШ президенти Жорж Буш --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/760AEC36-33BC-4DA1-968A-4BD127BBA4C6.asp Лондондо Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун менен сүйлөшүү жүргүздү. Жолугушууда тараптар негизинен Иран менен Ирак маселелерин талкуулашты. Буш Улуу Британияга президент катары Европага жасаган акыркы иш сапарынын алкагында барган.

Буш Европадагы акыркы сапарында аймактагы лидерлерди Ирандын өзөктүк программасынан баш тарттыруу үчүн Тегеранга карата катаал чараларды көрүү керектигине ынандырууга аракеттенип келди.

АКШ президенти Гордон Браун менен жолукканда да сөздү ушул жаатта козгоду.

Расмий Вашингтон Тегеран уран байытуу аракеттерин токтотпосо ага каршы Европа да катаал чараларды, чектөөлөрдү киргизишин каалайт.

Буштун жолугушуусу алдында 14-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү жана Германия Иранга сунуштардын жаңы топтомун беришкен. Бул сунушка ылайык, эгерде Тегеран уран байытуу аракеттеринен баш тартса, ага тынчтык максатта өзөктүк долбоорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Бирок расмий Тегеран ошол эле күнү (14-июнда) бул жаңы сунушту четке какты. Дал ушундай кырдаал Британия премьери Гордон Браундун Жорж Бушту чечкиндүү колдоп чыккандыгына түрткү болду, дешет айрым серепчилер. АКШ презеденти буга чейин Италия, Франция жана Германия лидердеринен да Ирандын өзөктүк программасы жаатында колдоо тапкан.

Британиянын премьер-министри Ирандын өзөктүк программасынан баш тарттыруу үчүн Тегеранга салган чектөөлөрдү күчөтүү зарылдыгын баса айтты. Ошондой аргалардын бири – Ирандын Улуттук банкынын Улуу Британиядагы ири активин тоңдуруу чарасы экенин Браун мындайча билдирди:

- Эгерде Иран Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларын, ошондой эле биздин кызматташалы деген сунуштарыбызды көңүл жаздымында калтыра берчү болсо, анда биз чектөөлөрдү андан ары күчөтүүдөн башка арга таба албайбыз. Британия бүгүнтөн тартып Европаны ушундай кадамдарга чакырат жана Европа Иранга карата андан аркы чектөөлөрдү киргизүү аракеттерине макулдук берет. Баарынан мурда, биз бүгүнтөн тартып ушундай кадамдарды баштайбыз, анын алкагында Ирандын чет өлкөдөгү эң ири капиталды кармаган банкы – Улуттук банкынын каржылык активдерин тоңдурабыз. Экинчиден, мунайзат жана газ жаатындагы чектөөлөрдүн жаңы баскычы бүгүнтөн тартып башталмакчы.

Ал эми АКШ президенти Буш өз кезегинде Иран маселесин оболу дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет жасалаарын дагы бир жолу белгиледи.

Буш менен Браун Лондондогу дүйшөмбүдөгү жолугушуусу маалында Ирактагы кырдаалды да талкууга алышты. 15-июнда «Обсервер» (“The Observer”) гезитиндеги маегинде Буш расмий Лондонду аймактагы кырдаал жакшырмайынча Түштүк Ирактагы аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетпей турууга чакырган.

Буш Британиянын премьер- министри менен жолугушуудан кийин Ирактагы АКШ башындагы турган күчтөр аймактагы коопсуздук орногондон кийин акырындык менен чыгарылаарын айтты:

- Биз июлга чейин баш-аягы отуз миңдей америкалык жоокер үйүнө кайтат деп болжоп жатабыз. Биздин план аларды үйүнө жеңиш менен кайтарууда турат. Британиянын премьер-министри да ушундай кылууга ыктап турат. Мен дагы ушул нукта аракеттенемин.

Иракта Британиянын төрт миңден ашуун аскери бар. Расмий Лондон аларды жыл соңуна чейин чыгарып кетүү ниетин мурдараак билдирген болчу.

Британия Ирактагы коалициялык күчтөрдүн ичинен АКШнын эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет жана 2003-жылы Саддамдын бийлигин кулатууга жигердүү катышкан.

Бирок беш жылдан бери британ коомчулугу Ирактагы согушка карата өз өкмөтүнүн мамилесин сындап келет жана бул жагдай Браун үчүн саясий жактан өтө орчундуу саналат.

Буштун Британияга сапары маалында Лондондо АКШнын Ирактагы согуштук аракеттерине каршы миңдеген адамдар катышкан нааразылык чарасы өткөрүлдү. Полиция жекшембиде жыйырма беш адам камалганын, кагылышуулардан он полициячы жараат алганын маалымдады.

Британиядагы сапары аяктаган соң, президент катары Европага жасаган акыркы сапары карып, Жорж Буш өз мекенине кайтып кетмекчи.

XS
SM
MD
LG