Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

ОРУСИЯДАГЫ РАСИЗМ: ЦИФРАЛАР ЭМНЕ ДЕЙТ?


Расизм дүйнө үчүн жаңы көрүнүш эмес. Бирок буга байкоо салган уюмдардын статистикасына караганда, соңку жылдары Орусияда расизм күчөөнүн гана үстүндө. Борбор азиялыктар орус улутчулдарынын --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/06/4510231A-DA9E-4A26-BF0E-9075D5544CA8.ASP негизги курмандыктарынын бирине айланууда.

Башкеңсеси Москвада жайгашкан "Сова" маалымат-аналитикалык борбору 2004-жылдан бери улутчулдук жана жек көрүүчүлүк жүйөөсүнөн улам жасалган кылмыштар боюнча мониторинг жүргүзүп келүүдө. Бул уюмдун маалыматтары расалык негиздеги кыяначылыктар Орусияда бекем орун –очок алып жатканын, ошол эле учурда расмий бийлик тарабынан ага каршы анчалык деле катуу чара көрүлбөгөнүн каңкуулоодо.

"Сова" борборунун статистикасына караганда, быйылкы жылдын беш айында эле жек көрүүчүлүктөн улам ар кандай деңгээлде 232 адам жабыр тартты. Алардын 57си өмүрүнөн айрылды. Мындай кылмыштар Орусиянын 21 чөлкөмүндө катталган.

Аталган уюмдун ырастоосунда, Москва менен Санкт-Петербург өңү буруулар үчүн эң коркунучтуу шаарлар болуп калды. Улуттук жүйөөдөн адам өлтүрүүнүн ушул жылы ичи эле катталган 57и окуясынын 35и Москвада, 11и Санкт-Петербургда орун алган. Анткен менен "Сова" борборунун директорунун орун басары Галина Кожевникованын айтымында, курмандыктардын чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн. Ал мунун жүйөөсүн төмөнкүчө түшүндүрөт:

- 57 жети деген сан абдан эле төмөндөтүлгөн. Маалымат алуу өтө кыйын болуп калды. Маалымат алуу жагынан олуттуу кыйынчылыктар бар экенин биз былтыр эле жазганбыз. Ал эми быйылкы жылы бул канчалык татаалдашып кеткенин сүрөттөөнүн өзү кыйын. Массалык маалымат каражаттарына түшпөйт. Укук коргоо органдары эч нерсе бербейт.

Айтор быйылкы жылдын артта калган беш айында расалык жүйөдөгү кылмыштан 57 эле адам киши колдуу болду деп эсептеген күндө деле бул өткөн жылдагылардан көптүк кылат. Ошол эле "Сова" борборунун эсебинде, улутчулдар 2005 –жылы 45 адамды, 2006-жылы 63, ал эми 2007 –жылы 80 адамды мертинтишкен. Ал эми былтыркы жылдын беш айында улутчулдардын колунан 39 киши каза тапкан болчу.

Азыр орус кырмабаштары тарабынан эң көп бутага алынгандар Борбор азиялыктар болууда. Быйыл беш айда бычак жеп же катуу токмоктон каза тапкан 57 адамдын 31и өзбек, кыргыз жана тажик улутундагылар. Экинчи катарда кавказдыктар турат. Алардан беш айда 14 киши мерт болгон. Улутчулар менен нео-нацисттердин колунан өңү буруулар гана эмес, кээде үй-жайсыз адамдар, солчул жаш активисттер да мертинип жатышат.

Жек көрүүчүлүктөн улам кылмыш жасагандар сот жообуна тартылган учурлардын да саны өсүүдө. Бирок өкүмдөрдүн көбү - шарттуу соттоонун натыйжасы. Орусиянын соттору былтыр 110 адамды ушундай мүнөздөгү бир же андан көп кылмыштары күнөөлүү деп тапты. Бирок алардын бери дегенде 30у сот залынан дароо эле бошотулган. Быйыл беш айда Орусиянын 11 аймагында 12 сот өкүмү күчүнө кирди. Анын бешөөсү кеминде май айында чыгып, 19 адам соттолду. Алардын ичинен эң катуурак жазаны Москвадагы Черкизов базарында 2006-жылы августа болгон жардыруу үчүн айыпталгандар алды. Анда 13 адам каза таап, 53ү жаракат алган эле. Бул жардыруу үчүн айыпталгандардын төртөөсү өмүр боюу түрмөгө кесилди, калган төртөөсү 2 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG