Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32
“Айрым массалык маалымат каражаттары “Токтогул суу сактагычында суу жетиштүү топтолуп калды, ошон үчүн электр энергиясына чектөөлөр алынып ташталды” деп жазып чыгышкан, бирок мен” бийлик жарыкты элге боору ооругандан эмес, Өзбекстанга суу берүү үчүн эле берип жатат” деп айткамын, айтканымды далилдеш үчүн фактыга таянайын деп билдирген белгилүү экономист Сапар Орозбаков “Аалам” гезитинин бүгүнкү санында жарыяланган “Чырагыңарды камдай бергиле, жарык кайрадан өчүрүлөт” аттуу макаласында, ушул айдын 9у менен 10унда, Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү чогулуп, быйыл сууну кантип бөлүштүрүү маселесин караганын, кыргыз тарап 1 миллиард 200 миллион куб метр суу берели, андан чыккан 1 миллиард киловатт-саат энергиябызды сатып алгыла десе өзбек тарап келишимге кол койбой баса бергенин, мына ушундан кийин өкмөт 1-июлдан тартып жарык кайрадан өчүрүлөрүн жар салганын белгилеп, бул маселени чечүү майда чиновниктердин колунан келбей жүрүп олтуруп акыры президенттерге жетерин, ошолор чечерин, бирок кыргыз бийлигинин өз элинин кызыкчылыгы үчүн майышпай бекем туруп берерине көзү жетпестигин, анын үстүнө шайлоо да жакындап калганын, Акаев шайлоо өнөкүгүндө Каримовдун көңүлүн суу берүү менен алып, өзбектердин добушун өз пайдасына жумшап көндүрүп келгенин... финансы уюмдары сунуш кылып аткан суу-энергетика консорциум түзүү идеясын колдобой тургандыгын, мындай уюм коңшу өлкөлөрдүн өз ара ымаласын жакшыртканы менен кыргызды суудан ажыратарын, эң акыркы карманганы суудан ажырай турган болсо, анда кыргызды кудай да кечирбестигин кеп салды.

“Эркин гезитке тишин кайрап жүргөн бийлик “Де-фактону” эртедир-кечтир чалып жыкмак” деп кабарлаган “Агым” гезити саясатчылар менен саясат иликтөөчүлөрдүн ою боюнча Молдоева аттуу айымдын гезитке жарыяланган каты жөн эле шылтооо болгонун, бул жерде чоң саясат жатканын айтып жатышканын, ошол эле убакта гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованы Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кечээ үч саатка созулган эки жолку суракка чакыртканын маалымдады. Шаар прокурору ошол окуяга байланыштуу маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө тергөө амалдары өз жолу менен жүрө берерин, бирок гезиттин чыгышына бийлик бутактары тарабынан эч кандай тоскоолдук болбостугун билдиргенине карабастан күч органдары алып кеткен компьютерлер кайтарыла электигин, гезитти чыгарууга шарттын жоктугун “Азаттыкка” телефон аркылуу башкы редактор Чолпон Орозобекова билдирди. “Мындан аркы кадамыңыздар кандай болот?” деген сурообузга ал, гезит убактылуу үзгүлтүккө учурап, колдоруна тийбей калгандыгы үчүн окурмандарынан кечирим сурарын, буга дейре эс алууга чыгып келип иштейбиз деген пландарынан баш тартканын, ошондуктан каникулга тарабасын, баш-аягын жыйып алып кайрадан жаңы дем менен “Де-фактону” чыгара берерин айтты.

“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөгү” жакында кабыл алынган мыйзамга бир катар бейөкмөттүк жана эларлык уюмдардын каршы болуп чыкканын ушул мыйзамды жактагандардын бири ЖК депутаты Б. Наргозуевден сурап кайрылганда “Агым” гезити аркылуу түшүндүрмө берген депутат, талаш-тартыш туудурган талуу жердин бири-Кыргызстандын телекөрсөтүүлөр менен радиоуктурууларынын тилнин 50 пайызы мамлекеттик тилде болсун деген норма болгонун, муну да мыйзамдын авторлору ойлоп табышпаганын, мындай талап Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Балтика жээгиндеги өлкөлөрдө барын, ал тургай ошол Балтика өлкөлөрүндө телеканалдар каттодон өтөрдө 100 пайыз эстон же латыш тилинде продукциябыз болот деп милдеттенме алышарын белгилеп, эми биздин телекандалдардын тилинин 50 пайызы же жарымы кыргыз тилинде болсун десек кыргыздардын ичинен чыккан маңкурттар “адам укугу бузулат” деп айкырык салып жатпайбы деп айтты. “Убагында АКШ президентинин улут коопсуздугу боюнча кеңешчиси Збигнев Бзежинский “Жакында совет доору кулайт” дегенде күлгөн элек, бирок ошол урабастай көрүнгөн улуу держава урап жок болду, ошол эле Бзежинский мындан 15 жыл мурда Кыргызстан мамлекет катары 50 жылдан кийин жок болорун айткан, анын эсеби боюнча 15 жылы өтүп, 35 жылы калды, муну моюнга алуу өтө коркунчтуу, эгер “ашынган адам укукчуларынын” айткан-дегендерин жасай берсек анда ал мөөнөттөн да эрте жок болобуз, ошондуктан кичинекей мамлекетибизди сактап калуу үчүн бардык аракеттерди жасашыбыз керек” деп айтты ал.

Ушул эле гезит “Дин “желгозулары” деген макаласында ашыкча исламдашуу, мектептерден мечиттердин көбөйгөнү, улан-кыздардын бири башына селде чалынып, дамбал кийип, сакал өстүп жүрсө, бир өңү-жүзүн жашырып, бети-башын чүмбөттөй баштаганын, жаштарды орто кылымга , билимсиздикке сүйрөп баратканын баяндады..

Жаңы санынын жарымынан көбүн кечээ эле дүйнө салган улуу жазуучу Ч. Айтматовдун акыркы сапарына арнап чыккан “Кыргыз руху” гезити “жугуштуу эпидемия” деген рубрика алдындагы макаласын, “Өлбөй кал, Курманбек Салиевич!” деп атап, кайсыл бир оозу шок депутаты Астананы Нурсултан калаасы кылалы деген соң коңшу казактар да президенти Назарбаевди “өлүптүр” деп көрүнгөн жерде талкуулап жиберишкенин, эгер мындай айың кептер президенттик админстрациянын саясый технолгодорунун коомчулукту текшерүү үчсүн “президентти эл сүйөбү же сүйбөйбү?” деп жасаганы болсо, анда эл анчалык деле сүйбөт экен, бирок “ордуна ким келет, кандай киши келет?” деп коркушат экен” деп жазган Казакстандын “Свобода слова” гезитинен мисал келтирип, эки ай мурда болуп өткөн биздикиндей окуя казактарда да кайталанганын, казак президенти Назарбаев да, кыргыз президенти Бакиев да өтө эле коркунучтуу күчтөрдү өлчөсүз көтөрмөлөп алышып, эми аларды ооздуктоого алдары келбей баратканын, ошентип кара баштарына коркунуч келип жатканын, аларды өлтүрүүгө кимдер кызыктар болгонун билгиси келгени күчөгөнүнөн кабар берет деп баяндады.
XS
SM
MD
LG