Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маектеринин бири Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды. Кара сөздүн улуу чебери тууралуу химия илимдеринин доктору, профессор, академик Бектемир Мурзубраимов менен кабарчыбыз Замира Кожобаева маектешти.

- Чыңгыз Айтматов тууралуу сөз болгондо көбүнчө анын чыгармачылыгы жөнүндө айтылып жүрөт. Сиз Чыңгыз Айтматов менен 1995-2000-жылдары парламентте дагы чогуу депутат болуп иштеп калдыңыз эле. Ошондуктан сиз анын саясий бейнесине азыраак токтоло кетпейсизби. Айтматов кандай депутат эле?

- Айтматов жалпы өзүнүн элет Талас өрөөнүнөн шайланган депутаттардын бири. Анын өзүнүн кошумча дагы жумушу болгондуктан бардык сессияларда такай катышпаса дагы, ал кишинин сессияга келиши, чет өлкөдө болуп жаткан айрым жаңылыктарды, алдыга жылууларды сессия учурунда депутаттарга айткандыгы азыркыга чейин эсиибзден кетпейт. Ушундай алп адамдын жалпы мыйзам чыгаруу бийлигинде катышып отурушу өзүнчө эле бир башкача көрүнчү. Саясатка көп аралашпай, жалпы чоң глобалдык маселелерди, дүйнөдөгү аренадагы болгон алга жылууларды абдан терең, кенен айтчу эле. Жалпы алганда экөөбүздүн туулган күнүбүз бир болуп калгандыктан, ошол кезде депутаттардын туулган күнүн белгилеп айтуу практикаланчу, ошондо өзүмчө сыймыктанчумун ошол кишинин 12-декабрда төрөлүп, ошого менин дагы туулган күнүм туш келип калгандыгына.

- Бирок Айтматовду такай сессияларга катышпайт деген дагы сын-пикирлер айтылып жүрчү?

- Аны орой айтканда, өзүнүн сөзүнө алы жетпегендер айтышы мүмкүн. Мен деле айтпадымбы, такай катышпаса дагы, анда-санда болсо дагы катышып отурушу жана анын көтөргөн маселелери мындай айтканда бир жылдык ойлонууга, аны кенен анализдөөгө мүмкүнчүлүк берчү.

- Залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун мындан аркы руханий жашоосун анын чыгармалары улантат, Айтматов өзүнө жыгылгыз эстелик коюп кетти деп көп эле айтылды. Бирок ошол эле учурда жазуучунун кыргыз тилиндеги китептери өтө аз санда экендиги, өзгөчө айыл жерлеринде дээрлик жоктугу тууралуу маселе дагы козголуп атат. Сиз көп жылдан бери иштеген педагог катары айтсаңыз, мамлекет азыр китеп чыгарууга алсыз, каражат жок. Бирок ошол эле учурда бул кенемтени кантип толтурабыз?

- Чынын айтыш керек, мурдагыдай кыргыз журтчулугу, жалпы интелигенция, жаштар китеп окууну азыр ишке ашыралбай калды мурдагыдай, бир жагынан китептин тиражынын аздыгы, экинчиден анын баасынын жогору болушу, анан өзүңөр айткандай айыл китепканаларына дээрлик азыр жаңы китептер барбай калды. Ошондуктан мамлекет китеп чыгарууга, айрыкча окуучуларга, өспүрүм балдарга баланыштуу, себеби Чыңгыздын чыгармаларын эң башынан баштап, акырына чейин тарбиялык мааниси өтө зор болгон китептер. Ошондуктан бюджеттен акча каражатын мүмкүн болушунча кайрадан карап көбөйтүү туура болор эле. Анан азыр аз чыгып калды, кымбат болуп калды деп колду куушуруп отура берген менен эч пайда болбойт. Чыңгыздын китептерин, андан башка дагы кыргыздын кандай мен-мен деген жазуучулары бар, ошолордун китептеринин бардыгын мүмкүн болушунча элге-журтка, айрыкча окуучуларга, жогорку окуу жайлардын студенттерине жеткирүү керек деп эсептейм.


- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG