Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Б.МАМБЕТОВ: “КУМТӨР” БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СОТТОН КОРКПОШУБУЗ КЕРЕК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз ободосунда мурдагы вице-премьер-министр, Кыргыз нефтетрейдерлер биримдигинин президенти Базарбай Мамбетов болду. Кабарчыбыз Замира Кожобаева “Кумтөр” алтын кенине байланыштуу чырдын айланасында маек куруп берди.

- Кумтөр алтын кенине байланыштуу келишимде Жогорку Кеңештин дагы тиешелүү комитеттери карап, бул кен боюнча сүйлөшүүлөр кайрадан улантылыш керек деген чечимин чыгарып берген. Депутаттар “Кумтөр голд компани” ишканасы мамлекеттин ичинде өзүнчө мамлекет болуп алып, өз билгенин жазап, салык төлөө жаатында бир топ мыйзам бузууларга барган, “Центера голд” компаниясы мурдагы бийликтин тушунда коррупциялык максат менен түзүлгөн деп айтып чышыкан. Бул маселенин чубактын кунундай чубалып кетүүсүнө эмне себеп болуп атат?

- Милдеттендирилген республикалык салыктан эч бир дагы чарба субъекттери бошотулбайт да. Биздин Акаевдин убагында аткаминерлер Камекону бүт милдеттендирилген салыктардан бошотуп салышкан. Ал жөнүндө өлкөнүн закону да бар. Анын күчү өтө жогору. Бирок ошол законду ошол адамдар 93-жылы Камеко менен түзүлгөн келишимге бүт бойдон тебелетип салышкан. Негизги салык бул НДС – 21 пайыздык салык, ошол салыктан боштуп койгондо биздин өлкө 480 млн. долларды 11 жылдын ичинде канадалыктардан ала албай калганбыз. 11 жылдын ичинде 2 млрд. 400 млн. долларга тете алтынды алар чыгарып, салык төлөбөй алып кеткен. Ошонун 20 пайызы 480 млн. доллар болот. Бирок Кумтөрдөгү чатактын өзөгү салыктарда эмес, аларды төлөтүп алса болот, негизги маселе эмне үчүн казылып алынган кыргыздын алтынын канадалыктар бизге жок дегенде 50-60 пайызын калтырбайт деген суроолор болуп жатат. Ушул негизги маселе. Аны чечиш үчүн биз Комеко менен жаңы башкы келишимге отурушубуз керек деп бардык гезиттерге, өлкө башкаргандарга да кат жүзүндө жазып келем. Бирок ошол негизги проблеманы түшүнбөй, кыргыздар баягы эле ит кейпибизди кийип кала беребиз деген ой мени бүгүн капалантып жатат.

- Бирок сиз айтсаңыз, кабарыңыз болсо керек, кыргыз тараптагы аталган Кумтөрдүн жетекчилери алтын кен боюнча макулдашуулардын жаңы шарттарын сүйлөшүү тууралуу өкмөттүн сунушуна бир айдан бери расмий жооп бербей келаткандыгын билдирип атат. “Центера голд” компаниясы болсо тескерисинче Кыргыз өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко берип атат. Бул аракеттери канчалык деңгээлде мыйзамдуу?

- Биз эч кандай эл аралык соттон Кумтөр боюнча коркпошубуз керек. Эгерде Жогорку Кеңештин жакында былтыркы 3-августагы биздин өкмөт менен “Центера” жана “Комеко” үчөөнүн ортосундагы келишимди бекитсе, анда кыргыз эли ишенген кожом сен болсоң, алды-алды менен тал карма болуп тарап кете берсек болот. Ошону бекитебиз деген депутаттарга да, бийликтеги адамдарга да кыргыз элинин каргышы айтылат деген ойдомун.

- Сиз жаңы эле айтып кеттиңиз, канадалыктар бир эле Кумтөрдөн 200 тоннадан ашуун алтын казып, 2 млрд. 400 млн. долларга сатышты деп. Ошондой эле маалыматтар жана дооматтар бизге дагы түшүп, бул тапкан кирешенин 10 пайызы дагы кыргызга пайда болуп түшпөсө, экологияга зыян келтирип, элдин нааразылыгын туудуруп, ушул тоону окморуунун кажети бар беле деген?

- Кумтөрдүн алтынын биз акылыбыз менен, өзүбүздүн күчүбүз менен алсак жакшы болмок да. Азыркы Комеко Кумтөрдө отуруп алып Кумтөрдүн 4 усатогунда 2 миң тонна алтын бар экенин геологиялык изилдөөлөр менен аныкташып алышты. Кумтөрдө ушуга чейинки болгон кылмыштарга бүт бойдон мамлекет органдарынын кызматкерлери күнөлүү. Азыркы бийликтин билермандары болгон күнөөлөрдү иликтегендин ордуна өзүлөрү кылмыш жолуна түшүп, оңду-солду чечим кабыл алып жатышпайбы. Ошонун бири былтыркы 30-августта келишип, анан 2005-2007-жылдардагы премьер-министрлердин көрсөтмөлөрү менен жаңы үч участокко жоопсуз лицензия берилиши жана башкалар бар.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG