Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:05

Кыргызстан кыйноолорду болтурбоо, ага каршы туруу боюнча эларалык конвенцияга кол койгон. Бирок да ал өлкөдө адам укугунун сакталышына, уруп-согуу, кыйноолордун жоюлушуна алып келген жок. Тескерисинче, тергөө, сурак маалында шектүү адамдарды уруп-согуу, кыйноо, --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/06/E64E48D1-444F-4810-A63C-80599A59408C.ASP кандай да болсо күнөөнү моюнга алдырыш үчүн кысым көрсөтүүнүн толгон-токой учурлары толтура. Жапа чеккендердин көпчүлүгү арызданып тийиштүү мекемелерге кайрылбайт, адилеттик издегендердин деле арман-муңун уккандар аз.

Мыйзам сактоо кызматкерлеринин колунан кордук көргөн адамдардын адилеттикке жетиши көп учурда мүмкүн болбой калышынын себеп жөнүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын кылмыш-процессуалдык жана оперативдүү-иликтөө иштерин көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчи орунбасары Марат Эшперов момундай жагдайга байланыштырды.

- Жабыр тарткандар аябай эле кеч кайрылышат. Кыйла убакыт өткөндөн кийин бизге болгон ишти, кыйноолор болгонун далилдеген фактыларды табыш кыйын. Жалгыз жабыр тарткандын түшүндүрмөсү менен арызы аздык кылат. Уруп-согуунун белгилери билинбей, денедеги тактар калбай калат.

Антсе да Башкы прокуратура ушу тапта кийинки эки-үч жылдагы уруп-сабоолор, кыйноолор тууралуу материалдарды түгөл чогултуп, алардын негизинде өзүнчө бир жыйынтык чыгарылары, маселенин мыйзамдык өңүтүнө көңүл буруу зарылдыгы бышып жетилгени маалымдалды.

Ал эми “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун өкүлү Абдыкерим Ашыров кыйноо-азапка туш келген жарандардын көбү арыз жазарын билдирди. Бирок да алардын арызын кароо бюрократиялык илең-салаңдыктан узакка созулуп, жыйынтыксыз калат.

- Экинчи жагынан аларды ошол эле кыйнап, уруп-токмоктогондордун өзү кысмакка ала башташат. Жыйынтыгында алар чындыкка жетиш кыйын экенине ынанып, арызынан баш тартышат. Туура, кеч кайрылгандары да бар. Денесинде тактар жок.

А.Ашыров күч кызматкерлеринен чочулаган адамдардын көбү ач кулактан тынч кулак, арманын ичине катып унчукпай кала беришерин белгиледи. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Зайнидин Курманов уруп-согуу, кыйноолор те алмустактан бери адамдарды коштой келген амал-арга экенин белгилеп, ушу тапта деле тергөө амалдары кудум большевиктик дем-дымак менен жүргүзүлүп келатканын айтты.

- Кыйноо бул жашырын кылмыш. Аны аныкташ, далилдеш өтө кыйын. Кыйноонун өтө амалдуу түрлөрү бар. Ал жалаң денеге так салуу, уруп-согуу эле эмес, моралдык кыйноо, кысым деген бар.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын ырасташынча, уруп-согуу, кыйноолор азайгандын ордуна күчөп баратат.

- Тилекке каршы, кыйноо Кыргызстанда системалуу мүнөзгө ээ. Анын бир нече факторлору бар. Мен аны айтып кеттим. Кыйнагандардын кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жаткандыгы, экинчи жагынан адвокат институттарынын начар иштеп жаткандыгы, үчүнчүдөн, укук коргоо кызматкерлеринин кесиптик деңгээлинин төмөндүгү, төртүнчүсү, жарандарыбыздын өз укуктарын жакшы билбегендиктери. Ушул факторлор себеп болуп калып жатат.

Уруп-сабоо, кыйноолор жалаң эле күч кызматкерлери тарабынан жасалбастан түзөтүү жайларындагы абал деле чеке жылытарлык эместигин Кыргызстандын Адилет министрлигинин Жаза өтөө жайлар башкармалыгынын жетекчиси Эрнст Исаев маалымдады. Анын айтуусунда, өмүрү өткөнчө эркинен ажыратылган 181 адамдын башкалар менен чогуу кармалышы коркунучтуу.

- Алар өзүнчө камераларда отурушу керек эле. Бирок андай мекеме Кыргызстанда жок. Ошон үчүн алар бардыгы беш мекемеге бөлүнүп салынган. Ошол жакта отурушат. Ошол жерде отурушат. Алардын ошол мекемеде иштегендерге, соттолуп отургандарга бираз коркунучу бар. Алар жактан тигилерге кол салуу болушу мүмкүн. Ошолор абдан коркунучтуу абал болуп жатат.

Социологдор Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жогорку мектебинде окуган курсанттардын уруп-согуу, кыйноолорго карата мамилесин сурашкан. Жогорку курстун угуучулары андан эч кандай кынтык көрө албагандыгын, төмөнкү курстагылар азырынча так жооп бере албастыгын билдиришкен.
XS
SM
MD
LG