Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Эдил Сапарбек уулу, Бишкек Кыргызстанда милициянын коргоосуна алынбай, тескерисинче, анын запкысына кабылган жарандардын көп экени айтылууда. Бул тууралуу бүгүн (17-июнь) Бишкекте өткөн талкууда сөз болду. Ага укук коргоочулар, милиция кызматкерлери, бийлик өкүлдөрү жана адистер катышты. Жыйында айтылган негизги ой – милициянын колуна шек менен түшкөндөр көп учурда кыйноолорго алынат, кээде күнөөсүз адамдар да зөөкүр милициядан коркуп, кылбаган кылмышты мойнуна алышат. Бирок милиция бул дооматтарды чындыкка коошпойт деп эсептейт.

Милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдагы адамдарды кыйнап-кыстоону өздөрүнүн кызматтык милдеттеринин бир бөлүгү катары пайдаланып калды, деп бүгүнкү жыйында укук коргоочулар айтып чыгышты. Айрым учурларда күч колдонуу менен кишини өлүмгө чейин жеткирген тартип сакчылары мыйзам чегинде жоопко тартылбай калып жатканын айтышууда. Маселен, өткөн жылы эле милициянын кыйноолоруна туш болуп, табышмактуу жагдайларда өлгөн жарандар ондоп саналат.

Адистер болсо кыйноо учурларын аныктоо оңой эмес, көп учурда мындай фактылар милиция кызматкерлеринин аракети менен жаап-жашырылат дешет. Ал эми Башкы прокуратуранын өкүлү Марат Эшперовдун айтымында, запкы жегендер өз учурунда тийиштүү инстанцияларга кайрылышы керек.

- Ушундай учурларда эгер өз убагында тийиштүү арыз берип, кайрыла турган болсо, сөзсүз аны далилдөө оңой болот. Соттук-медициналык экспертиза дайындап, анан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилдөөгө болот. Ал эми айрымдар тергөө изоляторуна баргандан кийин гана кайрылышат. Андай учурларда алардын денесинде кыйноо колдонуунун тактары, белгилери калбагандан кийин далилдеш кыйын болот.

Анткен менен абал Марат мырза айткандан кыйла оор экени айтылууда. Себеби кыйноону баштан кечирген адам өз учурунда аны дээрлик далилдей албайт. Бир чети, милиция ур-токмокту да амалкөйлүк менен жасайт. Экинчиден, аны далилдөө процесси бир топ убакытты жана текшерүүлөрдөн өтүүнү шарттайт.

Атын атагысы келбеген абактагы жигит - ушундай амалдардын курманы. Ал кылган кылмышынын үстүнөн дагы он чакты кылмыш эпизодун моюнга алууга аргасыз болгонун айтты.

- Биринчиден, противогаз жок болуп башыма желим баштык кийгизип сабашты. Андан кийин экөө кармап алып бөйрөктөрүмө койгулашты. Андан соң үчөөлөп кармап алышып, таманга таяк менен урушту, мына ошондо чыдабай кетип айла жок мага тиешесиз кылмыштарды кылдым дедим. Кээде милиция кызматкерлери өздөрүнүн ишининин натыйжалуулугун көрсөтүү максатында баңгимандар менен үй-жайсыз селсаяктарды колдонушат. Мисалы, кармалган бангиманга героин сайдырат, башы айланган неме бүт эле мойнуна ала берет. Селсаяктарды болсо сабап туруп, арак берип алдашат.

Бирок Ички иштер министрлигинин жыйынга келген өкүлү Эшмырза Азимжанов Кыргызстанда бир да кыйноо фактысы аныкталбаганын айтты. Андыктан, милицияга асыла берген болбойт деген мааниде жогорудагыдай дооматтар чындыкка дал келбейт, деди.

- Кыйноо бар дегенге мен кошула албайм, ал үчүн бизге даяр факт керек. Факт жок болгондон кийин мен бар деп айталбайм. Бирок жок деп айтканга дагы көзүбүз менен көрүп туруп, колунан кармап албагандан кийин аны бир тараптуу айтканга болбойт.

Ошол эле учурда укук коргоо органдары, алдын ала тергөө системасында кыйноо көрүнүштөрүн жойо албаганы үчүн жергиликтүү жана эларалык уюмдар тарабынан сынга дуушар болуп келатат.

Бийлик эми кыйноолорго бөгөт койо алабы? Учурда кандай конкреттүү чаралар көрүлүп жатат деген суроо менен кайрадан Башкы прокуратуранын өкүлү Марат Эшперовго кайрылдык.

- Биздин мыйзам чыгаруу органдарыбыз мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат. Көзөмөл жүргүзүү органы катары бул маселеге абдан орчундуу көңүл бурулуп келген, азыр деле бурулууда. Тактап айта кете турган болсом, мен иштеген Башкы прокуратуранын башкармалыгы тарабынан республика боюнча ушундай фактыларды жалпылап алып карап, өзүнчө тыянактарды чыгарып кыйноо колдонуунун негизги себептерин аныктап, күз айларында ошолорду жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрөбүз.

Негизги себептери демекчи, айрым адистер кыйноолордун орун алып жаткандыгын милиция кызматкерлеринин айлыгынын аздыгы менен түшүндүрүп жүрүшөт. Бирок адвокат, адам укуктары боюнча адис Нурбек Токтакуновдун баамында, буга кадр саясатынын чабал жүргүзүлүшү жана алардын ишине талаптар туура эмес коюлганы себеп.

- - Азыр органдарда жаңы, жаш опер кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү кыйноо жолу менен кылмыш ишин ачууга кынык алышкан. Анткени бул амал көп эмгекти талап кылбайт. Мисалы, мен тааныган эски оперлер, өз убагында тигил жак, бул жактан сураштырып жүрүп кылмыш бетин далилдөө менен ачышчу. Анын үстүнө жетекчилик да бир чектерди коюп мынча иш ачылышы керек деп кубалайт. Бул түпкүрүнөн туура эмес.

Кыйноолорго каршы бүгүнкү жыйындын соңунда катышуучулар кыйноолорго жол бербөөнүн чараларын иштеп чыгып, мамлекеттик күч органдары да, жарандык коом өкүлдөрү да бирдиктүү иш алып барышы зарыл экендигин белгилешти.
XS
SM
MD
LG