Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

ОЛИМПИАДА ОТУ ҮРҮМЧҮНҮ АРАЛАП ӨТТҮ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Кытайда олимпиада отунун жүрүшү өлкөнүн түндүк-батышындагы Шиңжаң облусуна жетти. Бул аймакты негизинен мусулман уйгурлар мекендейт. Акыркы убакта Шиңжаңдагы улуттар аралык мамилелердин курчушу жана Кытайдын уйгурларга карата кысымынын күчөшүнөн улам бул жол опурталдуу эсептелип, шамана алынып өткөн маалда коопсуздук чаралары кескин күчөтүлдү.

Шамананы алып өтүү жөрөлгөсү Шиңжаң автоном аймагынын борбору Үрүмчү шаарындагы Элдик аянтта башталды. Олимпида отун тосуп алган эл көчөлөргө батпай калды. Булардын арасында Курманбек аттуу кытайлык кыргыз студент жигит да бар эле. Ал “Азаттыкка” бул салтанат тууралуу мындай деп айтып берди:

- Биздин шаарыбыздан өттү. Мен университетте окуйм. Бизди университет алып барды. Биз көчөнүн боюнан көрдүк. Өтө кызыктуу, аябай жакшы, кубанычтуу болду. Биз колдон колго өткөргөн бир-эки эле кишини көрдүк. Баш-аягы отту жүз элүү-төрт жүздөй киши алып жүрдү. Эл майдандан башталып, спорт сарайга чейин созулду.

Үрүмчүдө Олимпиада отунун эстафетасы катуу кайтарууга алынды. Бул аймакта шамананы алып өтүү жөрөлгөсү белгиленген мөөнөттөн бир жума мурдараак башталды жана бул өзгөрүү тууралуу чукул кабарланды.

Кытай бийлиги элдерди ошол күнү көчөгө чыкпай иш-чараны сыналгыдан гана көрүүгө үндөгөн эле.

Жакшыраак көрүү үчүн бакка чыккан же шамана алынып өтчү жолго жакын турган адамдарды полиция тескеп турду.

Айрым адамдар мындай иш-аракеттерге албетте нааразы да болушту, бирок коопсуздукту сактоо зарыл дегенге ынангандар да бар. Дуан атту үрүмчүлүк тургун мындай дейт:

- Менимче мындай кадамдар туура, анткени коопсуздук өтө маанилүү. Бул түшүнүктүү эле да.

Бирок коопсуздук чаралары адамдардын көтөргөн баштыктарын текшерүү менен эле токтоп калган жок.

Укук коргоочулар акыркы айларды бийлик шектүү делген миңдеген уйгурларды кармап жана башка жергиликтүү тургундардын паспортторун тартып алганын билдиришти.

Башка маалыматтарга ылайык жергиликтүү тургундарга чет өлкөлүк журналисттерден оолак болуу чакырыгы айтылган, ал эми айрымдары өкмөттү колдой тургандыгына кепилдик берген түшүнүк кат жазууга мажбурланган.

Негизинен мусулман уйгурлар, казак, кыргыз, тажик жана дунгандар жердеген Шиңжаң аймагындагы мындай чаралар аймактагы жикчилдик маанайдан улам көрүлүүдө.

Уйгурлар акыркы убакта өз маданиятынын жерилишине нааразыланып, кытайлардын үстөмдүгүнө каршылыгын билдирип жүрүшөт.

Ушул жыл башында кытай бийлиги Шиңжаңда Олимпиаданы үзгүлтүккө учураткысы келген, өзүнчө көз карандысыз мамлекетти көздөгөн жикчилдердин террордук чабуулунун алдын алганын кабарлаган.

Бирок укук коргоочулар бул жөн гана шылтоо экенин, анын натыйжасында бейкүнөө карапайым тургундар камалып жатканын айтып чыгышкан.

Долкун Иса Германиядагы Дүйнөлүк уйгурлары конгрессинин өкүлү:

- Кытай бийлиги уйгурлардын тынчтык аракеттерин эч качан тааныбайт жана алар Чыгыш Түркстандагы жаңжалдын басым кысым, кыйноо, камакка алуулар менен коштолушун каалайт. Ошон үчүн биз Кытай өкмөтү таккан айыптарды моюнга албайбыз.

Исанын бозгунда жүргөн тобу Кытай бийлиги олимпиада отунун жүрүшүндө “коомдогу жагымдуу маанай” тууралуу жалган маалымат таратып, адатка айланган адам укугу бузулган фактыларды жаап-жашыраарын билдирет. Бозгун уйгурлар ушундан улам 25-июнда Брюсселде нааразылык акция өткөргөнү жатышат.
XS
SM
MD
LG