Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Пакистандык белгилүү автор жана журналист Ахмед Рашиддин жаңы китеби жарык көрдү. Ал "Баш аламандыктын туңгуюгу: Кошмо Штаттары жана Пакистан, Ооганстан, Борбор Азияда мамлекет түптөөнүн ойрон болушу" деп аталат. Мурда оогандык талибдер тууралуу "Талибан" аттуу китеби менен кеңири таанылган Ахмед Рашид жаңы эмгеги тууралуу Азаттыктын суроолоруна жооп берет.

Азаттык: - Сиз "Баш аламандыктын туңгуюгу" деген жаңы китебиңизде 11-сентябрдан кийин Кошмо Штаттарынын Түштүк Борбор Азиядагы саясатынын ойрон болушуна саресеп салган экенсиз. Ошол тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

Ахмед Рашид: - Менимче буга Ирак согушу башкы тоскоолдук болду. 2001-жылы Ооганстанда согушун бүтүрөөрү менен америкалыктар Иракка кол салууну чечишкен. Ошондуктан Ооганстандан көпчүлүк рерурстарын чыгарып кетишкен. Экинчиден, өлкөнү кайра куруунун планы болгон эмес. Ооган эли чет элдик аскерлерди, кайра куруучуларды кучак жайып кабыл алышкан, бирок америкалыктар Ирактын айынан кайра курууну ойлогон эмес. Үчүнчүдөн, кулатылган талибдерди эмне кылыш керек экендигин да билишкен эмес. Натыйжада талибдерди Пакистан өз канатына калкалап, эки жылдан кийин Ооганстанга жортуулга жөнөткөн.

Азаттык: - Сиздин китебиңиздин бир бөлүмү "Бир миллиард доллар кор башылар" деп аталат. Талибдерге каршы согушкан кор башыларды колдоону эмне үчүн сиз ката болгон деп эсептейсиз?

Ахмед Рашид: - Талибдер кулагандан кийин калк 1990-жылдары аларды зордуктап, карактаган корбашыларды кучак жайып тосуп алат деп ойлошкону ката болгон. Бул колдоо натыйжада Ооганстандын ичинде атуулдук согуштун отун тутантты. Кошмо Штаттары дароо эле Ирак согушунун сазында калды. Ошондуктан алар президент Хамид Карзайдын борбордук өкмөтү чабал болсо да, жер-жерлердеги куралдуу топтор тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздайт деп ойлошкон. Тескерисинче, бул кор башылар мыйзамды, тартипти бузду, тынчтыктын быт-чытын чыгарып, ал гана эмес, талибдер менен ал-Каидага баш калканч берип, жергиликтүү калкка бүлгүн салды.

Азаттык: Өткөн жума күндүн түнү Кандагар түрмөсүнө күтүлбөгөн кол салууда жүздөгөн талиб айыпкерлерин бошотуп кетишти. Бул талибдер менен ал-Каида Ооганстанда жеңишке ээ болуп жатат дегенди билдиреби?

Ахмед Рашид:- Жеңип жатат дебейли, бирок албетте америкалыктардын айтканынан айырмаланып, бул күчтөр өтө чоң чабуулдарга жөндөмдүү экендигин көрсөтүштү. Талибдер НАТОнун союздаштарын ыңгайсыз абалда калтырып, НАТО өлкөлөрүндө өкмөткө оппозицияны күч алдырууну көздөшөт. Талибдер бул оппозиция жеткен чегине жетсе, чет элдик аскерлер чыгарылып кетсе деген максатты көздөп жатышат.

Азаттык:- Ооганстанда келерки жылы президенттик шайлоо тынч өтөт деп ойлойсузбу? Президент Карзай ага катышып, жеңип чыгат го, себеби ал саясий партияларга жол берген жок, бүгүнгө чейин өлкөдө бир да партия жок эмеспи?

Ахмед Рашид: - Мен президент Карзай менен мындан 10 күнчө мурда жолуктум, ал мага шайлоого катышам деп айтты. Бирок саясий партияларга жол бербейм дегенинен кайтпаптыр. Ал өзүм да партия түзбөйм дейт, бирок алдыдагы бир жарым жылда калктын ишенимин кантип кайтарып алары тууралуу кандайдыр бир планы бар экендиги да байкалбайт. Коопсуздук кырдаалы жакшырбаса, өлкө жаңы шайлоо өткөрө албайт го дейм. Үчүнчүдөн, Карзайга каршы өтө күчтүү талапкерлер чыгат болуш керек, аларды колдогон иш-чаралар Кабулда азыртадан эле башталып калды.

Азаттык:- Пакистанга кайтып келсек, сиз Пакистандын ооган саясатын катуу сынга алыпсыз. Пакистанда талибдер баш көтөрүп жаткандыгын эске алганда, Ооганстандын ички иштерине баш-оту менен киришип, Пакистан уттубу же уттурдубу?

Ахмед Рашид:- Пакистан мындан бир нерсе утту деп ойлобойм. Иш жүзүндө ал өз жергесинде эбегейсиз талиб көйгөйүн жаратты. Түндүк Батыш чегара дубанында азыр талибандашуу жүрүп жатат. Акыркы кабарларга ишенсек, ал жакта талибдер бул дубандын баш калаасы Пешаварды курчап, ал тургай шаарга кирип келишти, өкмөт Пешаварды коргоону шашылыш уюштурууга мажбур болуп жатат. Бул мурда түшкө да кирбеген иш болуп калды. Бул Ооганстанда болуп жаткандан да алда канча коркунучтуу. Баңги заттары, экстремизм, жан кечтилердин чабуулдары бүгүн Пакистанды каптап баратат. Мунун баары оогандык талибдердин жетекчилерин жең алдынан колдоп, аларга 2001-жылы баш калканч бергендин кесепети.
XS
SM
MD
LG