Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

7:46 Кумтөр боюнча жаңы өкмөттүк комиссия түзүлүүдө


Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков “Азаттыкка” билдирди. Белгилүү болгондой “Камеко” корпорациясы менен жаңы келишимге жетишүү боюнча акыркы комиссияны Сапарбек Балкыбеков жетектеп, бирок эки тарап эч кандай жыйынтыкка жетише алган эмес. Эми өкмөт ал комиссияны өзгөртүп, анын курамына жаңы адистерди киргизүүнү пландаштырып жатат. Канадалыктар Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен чатакты эл аралык арбитражда чечүүнү тандап, тийиштүү билдирүү жасаганы белгилүү.(AiT)

XS
SM
MD
LG