Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

18-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жетисуу облаттык Аскер губернатордугунун өзгөчө иштер боюнча Ага чиновниги Н. А. Прокопов 1913-жылдын 18-июнь күнү, Токмок участкалык приставы, штабс-капитан Кутуковдун Шабдан Баатырдын балдары менен болгон ымаласын териштирген рапорт жазган. Россия империясы Өзбек Бошкоевдин ишкердигин жогору баалап, Түркстан генерал-губернатору 1901-жылы ага моюнга салып жүрмө Станислав лентасына тагылчу чоң күмүш медаль менен сыйлаган.

Кыргыздар арасынан адегендеги байлык кыртышын түптөп, аристократиялык каада күткөн кишилердин көч башында айтылуу Өзбек Бошкоев турат. Өзбек Бошкоев Кыргызстан аймагы аркылуу Чыгыш өлкөлөрүнө кетчү катары соода жолун көзөмөлгө алып, анын толук кандуу иштешине салым кошкон. Россия империясы Өзбек Бошкоевдин ишкердигин жогору баалап, Түркстан генерал-губернатору 1901-жылы ага моюнга салып жүрмө Станислав лентасына тагылчу чоң күмүш медаль менен сыйлаган. Өзбек Бошкоев жалаң элесоода менен алпурушпастан, кедей-кембагалдарга үзбөй кайрымдуулук жардам көрсөтүп келген. Анын калкка жасаган мамилеси империялык бийликтин көз жаздымында калбай, Өзбек Бошкоев кийин да медаль жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Жетисуу облаттык Аскер губернатордугунун өзгөчө иштер боюнча Ага чиновниги Н. А. Прокопов 1913-жылдын 18-июнь күнү, Токмок участкалык приставы, штабс-капитан Кутуковдун Шабдан Баатырдын балдары менен болгон ымаласын териштирген рапорт жазган. Ага чиновниктин рапортунда штабс-капитан Кутуковдун ишмердиги, Шабдан Баатыр жана анын балдары менен болгон мамилеси толук чагылдырылат.

ВКП (б) Борбордук Комитети Совет өлкөсүн четэлдик пахтага болгон күңкорсуздугун жою максатында 1929-жылдын 18-июнунда атайын токтом кабыл алган. Партиялык көрсөтмөгө ылайык Орто Азия, анын ичинде Кыргызстанда пахта айдоо жана анын аянтын көбөйтүү маселеси көтөрүлгөн.

Согуш алдында калкты мобилизациялоо камылгасы күчөп, айрыкча ал кыймылга спортсмендер арбын тартылган. Кыргызстандык үч футболдук команда 1940-жылдын 18-июнунда «Биз азыр да жүрүшкө даярбыз!» деген ураан менен Өкмөт үйүнүн кашында демонстрация өткөрүштү. Жүрүштү спартакчы футболисттер баштап, алар өкмөт мүчөлөрүн керек убакта футбол талаасын согуш майданына алмаштырууга даяр эекендигин ишендиришти.

Кытай Элдик Республикасынын Советтер Союзунун территориясына көз арткан дымагы, советтик калктын нааразычылыгын пайда кылган. Кытай мамлекетинин кыянат мамилесине каршы Кыргыз ССРинде да ар түркүн акциялар өткөрүлүп атты. Кыргызстандыктар Совет өкмөтүнүн чегара боюнча билдирүүсүн толук жактай тургандыгын билдиришип, 1969-жылдын бу күндөрү жыйналыш өткөрүшүп, маалымдоо каражаттары аркылуу коңшу өлкөнүн аксым саясатын айыптап атышты.
XS
SM
MD
LG