Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ “ДЕ-ФАКТОНУН” ТАГДЫРЫНА КАПАЛАНГАНДАР КӨП

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалалабат облусунун тургундары менен калемгерлери «Де-факто» гезитинин тагдырына кабатыр болушууда. Коомчулуктун пикири боюнча аталган гезит бийликтин кемчилигин ачык сындаганы үчүн түрдүү тоскоолдуктарга чалдыкты. Мындай пикирлерге башка окурмандар макул эмес. Улуттук жазуучулар Кеңешинин облустагы төрагасынын көз карашында «Де-факто» гезити калыстыктан тайып, март ыңкылабынан кийин өзгөрүүлөр тууралуу сөз кыла бербейт.

Жалалабат облусунун ар тараптуу маалымат алууну каалаган жарандары көз каранды эмес гезиттердин айланасында түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун биллиришүүдө. Коомдук парламенттин облустагы мүчөсү Ильич Нарматовдун пикири боюнча бийлик эски мураскеринен үйрөнгөн жорук-жосундарын унутпай, эркин басылмаларга болгон укуругун улам жайылтууда. Мамлекеттик маалымат каражаттары бир жактуу окуяларды чагылдыруу менен чектелген кезде «Де-факто” жана “Алиби» гезиттерине миллиондогон айып салып, сот аркылуу каржылык жактан алсыратуу - бийликтин кемчилигин сындаба деген ойду кыйытып турат деп айтты Ильич Нарматов:

- Эгерде бийлик көз карандысыз ММКга болгон коркунучтарды токтотпосо, бул элдердин манкурташуусуна алып келет, бир гана бийликтин камчысын чаба турган манкурттарды жаратууга алып келет. Революциядан кийинки тилектерге жетиш үчүн эч кандай көз карандысыз ММКларга коркунуч туудурбаш керек жана чөнтөк соттордун арты менен бардыгын жапканга аракет кылбаш керек.

«Сентябрь» сыналгысынын кызматкери Тинатин Жусупова аталган басылмалардын айланасында жүрүп жаткан окуяларды ал гезиттерге жасалган куугунтук деп баалады. Анткени, «Де-факто» гезити өлкөдөгү мыйзамсыздыктарды бийлик саясатындагы мүчүлүштүктөрдү ачык сындаганы үчүн соттон айыпка жыгылып, түрдүү текшерүүлөргө туш болууда. Барган сайын элдин эркин маалымат алуу укугу чектелүүдө:

- Акаевдин тушунда айтып келгенбиз, эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлүп келатат деп. Азыркы бийлик ал кездегиден Аша чаап каршылык көрсөтүп атышат, жабууга аракет кылып атышат. Элге маалымат албаганга аракет жасап, өздөрүнүн жакшы гана жактарын көрсөткөнгө аракеттенип жатышат. Себеби маалымат албаган массаны башкаруу жеңилге турат. Ушул максатта «Де-факто», «Алиби» гезиттерине куугунтук болуп атат. Ал эми соттор болсо алардын айтканын кың дебей аткара турган соттор болуп атат, - дейт Тинатин Жусупова.

Улуттук жазуучулар Кеңешинин облустагы бөлүмүнүн төрагасы Асанбай Жусупбеков «Де-факто» гезитине байланыштуу жагдайды УТРКдан билген. Ал салык уюмдарындагы абал тууралуу гезит өткөн аптада чыгарган макала менен да таанышып, андагы маалыматтарга таң калган. Басылма март ыңкылабынан кийин болуп жаткан социалдык-экономикалык жетишкендиктер тууралуу сөз кылбайт да, талаштуу маселе жаралганда, калыстыктан тайып кеткен деген оюн билдирди республиканын маданиятына эмгек синирген ишмер Асанбай Жусупбеков:

- Көрсө андай Адам жок экен. Эмми кудайды карап иш кылса болбойбу. Ошондой жок адамдар жакшы иштеп аткан, жолго түшүп калган ишти ошентип эле жаман аттуу кыла берсе болобу. Калыстык кеткен жерде ошондой болот. Эгерде ошондой жазса анда иш башка эле, жок эле жерден уюштуруп атпайбы.

Башка басылмалардын айырмаланып, «Де-факто» гезити чындыкты жазууда. Бийликке тиш кайраган гезиттин окурмандары көп жана анын ар бир чыгарылышын чыдамсыздык менен күткөндөр арбын. Басылманын күмөндүү макалаларды жарыялабай турганына ишенген Сузак районундагы окурман Кушбак Султанкулов гезит жабылса өлкө эркин ой айтуу, сөз эркиндиги тармагында артка кетенчиктеп кетеерин билдирди:

- Мен «Де-фактонун» фактыларына ишенем. Бийлик буларды жабыш керек. Себеби алар чындыкты айтып, элге жеткирип атат. Себеби «Де-фактонун» тиражы күндөн-күнгө көбөйүп атат, окурмандар көбөйүп атат, - деп үн кошту ардагер Кушбак Султанкулов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG