Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:12

10:50 Президент К.Бакиев Чүй облустунун чыгыш тарабын кыдырууда


“Азаттыктын” кабарчысы Жазгүл Жамангулованын билдирүүсү боюнча, Бакиев адегенде Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы картошканы иштетүүчү кыргыз-кореялык “Вis-Agro” деген заводдун долбоору жана курулушу менен таанышып, аны курууга белсенген адамдардын аракетинен майнап чыгаарына ишенгендигин билдирди. Компания президенти Лим Сен Кванг заводдун базасында картошканын жаңы сортторун чыгаруу боюнча изилдөө борбору да курулаарын, завод болсо эмдиги жылы ишке киргизилип, анда жалпы жонунан 3 миңге чейин киши иштээрин кабарлады. Аталган заводго 55 миллион доллар салып жаткан Түштүк Кореялык инвесторлор картошканы кайра иштетүү боюнча Кыргызстанда дагы төрт завод курууга ниеттенишүүдө.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG