Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

14:05 Кыргыздын эки улуу инсанына эстелик коюлду


Кыргыздын улуттук драматургиясынын негиздөөчүсү Токтоболот Абдумомунов менен “Кыргыз эл акыны” Абдрасул Токтомушевдин эстелиги бүгүн Кемин районунун Кызыл-Байрак айылындагы мемориалдык комплексте ачылды. Аны ачуу аземине президент Курманбек Бакиев катышып, Токтоболот Абдумомунов менен Абдрасул Токтомушевдун чыгармачыл жана коомдук ишмердиктери азыркы муун үчүн өтө таалимдүү жана зарыл экендигин белгиледи. Андан кийин Кемин райоундагы көйгөйлөргө токтолуп, жолдор оңдолот деп убада берди. (BD)

XS
SM
MD
LG