Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:01

И.КАРЫПБЕКОВ: БИЙЛИК ДА, ЭРКИН ГЕЗИТТЕР ДА ТИРЕШКЕНИН ТОКТОТСО


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек “Азаттыктын” бүгүнкү таңкы ободогу мейманы Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков болду. Ал телекөрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун да мүчөсү болуп эсептелет.

- Илим мырза, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы тууралуу кеп кылсак. Бирден-бир эрикн гезит деп эсептелген “Де-факто” гезиттин айланасында болуп жаткан окуя коомчулуктун тынчсыздануусун жаратууда. Муну өзүңүз дагы көрүп-билип атасыз. Бишкек шаардык прокуратурасы гезиттин үстүнөн кылмыш ишин козголду. Учурда гезит окурмандары дагы буга эмне болуп кетет деген тынчсыздануу менен көз салып турушат. Сиздин болжолуңуз кандай, аягы кандайча бүтүшү мүмкүн?

- Аягын азыр айтыш абдан кыйын. Бирок бир нерсени баса белгилеп кетиш керек, “Де-факто” гезитине каршы козголуп аткан Кылмыш кодексиндеги берене бул Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу колдонулуп атат. Чынында эле буга чейин Чолпон Орозобекова айтып кеткендей, бул берене жалпыга маалымдоо каражаттарынын багытында жана журналисттерге каршы таптакыр колдонулбашы керек. Албетте, бул мыйзам бузуу болуп көрсөтүлөт. Экинчиден, абдан чоң туура эмес прецидент көрсөтүп келет. Эгерде бул мыйзам ишке ашып, мыйзам чегинде “Де-фактонун” уюштуруучулары жоопкерчиликке тартыла турган болсо, анда Кыргыз Республикасындагы журналисттердин бардыгына жана жалпыга маалымадоо каражаттарында чагылдырып аткан маалыматтын ээлерин, авторлорунун барына ошол беренени колдонуп эле, барын эле жаап, таптакыр сөз эркиндигин унутуп коюга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бирок ошол эле учурда айтып кетет элем, “Де-фактодо” жарыяланган маалымат дагы өтө оор маалыматтар болуп келет. Себеби ошол ызы-чуу болуп аткан маалыматтын ичинде бир канча кишини пара алды деген айыптоо маалыматы жарыяланган. Албетте аны такташ кыйын. Менимче муну “Де-факто” дагы тактап бере албайт болуш керек. Себеби бул күнгө чейин соттун өкүмү дагы чыккан эмес. Ошондуктан мен эки тарапты тең чакырып кетмекчимин, жалпыга маалымдоо каражатынын мыйзамынын негизинде иш аракет алып барып, тирешүүнү токтотсо. Бир сомдон чогултуу акциясын Жогорку соттун чечими чыкканга чейин токтотуп турса. Ал эми бийликти болсо жанагыдай туура эмес статьяны колдонуп, туура эмес нерсени кабыл алып, элдин тынчсыздануусун жаратып, ошондой эле коомчулуктун ичинде тирешүү жаратууну токтотсо деп чакырат элем.

- Шаардык прокуратура “Де-факто” гезитине мыйзамдын чегинде иш козголгонун айтып атат, бирок ошол эле учурда бир эле макала менен ушинтип гезиттин редакциясын толугу менен жаап, редактордун үйүн дагы тинтүүгө чейин барууга мыйзам жол бербейт да, чынбы?

- Мен дагы бул тинтүү мыйзамдуу дегенине таптакыр кошула албайм. Биринчиден, чынында эле тергөөчүлөр тинтүү жасаганда алардын укугу соттун токтому менен бекитилген болчу. Бирок соттун токтому биринчиден мыйзамсыз деп айтып кетмекчимин. Экинчиден, тергөөчүлөр тинтүү кылып атканда чегинен чыгып кетишкен. Себеби алар өзүнө гана, кылмыш ишине керектүү материалдарды гана албастан, бул кеңсени бекитип, ошол жерде болгон компьютердин техниканын барын алып, азыр кайра кайтарып бербестен, чынында эле буга чейин Чолпон Орозобекова айтып кеткендей, гезиттин иш аракетине азыр бөгөт коюлуп, алар иш аракет алып баралбаганга мүмкүңчүлүк түзүп койду. Бул албетте болбош керек.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG