Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

17:45 Вице-спикер Башкы прокуратурага талап койду


Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабеков геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Владимир Зубковго каршы кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурадан өтүндү. Анын айтымында, Зубков Кумтөр кенин иштетип жаткан канадалык компанияга лицензияларды мыйзамсыз берген. Кечээ Бишкектин район аралык соту аталган лицензияларды жараксыз деп тапкан. Ал эми “Центерра голд” компаниясы ишин үзгүлтүз жүргүзүп жаткандыгын жана өндүрүш соттун чечиминин тиешеси жок жерде жүрүп жаткандыгын билдирди. (BD)

XS
SM
MD
LG