Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

ООГАН ЖАНА НАТО ЖООКЕРЛЕРИ КАНДАГАРДА ИРИ АСКЕРДИК ИШ-ЧАРА БАШТАДЫ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Ооган жана НАТО аскерлери Кандагар аймагында биргелешкен аскердик иш-чараны жүзөгө ашырууда. Бул – 13-июнда Кандагар шаарындагы түрмөдөн жоон топ камактагы кишилер качып чыккан соң орун алууда. Аскерлер Кандагардын түндүгүндөгү бир катар кыштактарда бекинип жатат делген талиптердин сары изине чөп салып, --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/06/BA3EEBC2-CC1E-4B54-A70C-43469D5C2C58.asp айрым топтору менен салгылашууда. Ооган президенти Хамид Карзайдын бир тууганы, Кандагардын вилайет кеңешинин төрагасы Ахмед Вали Карзай талип жоочуларын теги араб, чечен, кытай жана пакистандык болгон чет өлкөлүк куралчандар да колдоого алып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

Шаршемби күнү таң эртехден бери “Апачи” аскердик тик учактары Кандагардын түндүк аймагында айланып учуп турду. Тик учактардын максаты – Ооган улуттук армиясы менен НАТОнун жердеги бейпилдик күчтөрүнүн орток жүргүзүп жаткан аскердик ш-аракеттерин колдоого алуу эле.

Алар Кандагардын түндүгүндө Аргандаб ооданында талиптер менен салгылашууда.

Ооган президентинин бир тууганы, Кандагардын вилайет кеңешинин төрагасы Ахмед Вали Карзай салгылашып жаткан 500-600дөй жоочунун дээрлик үчтөн бири – чет элдиктер, алардын арасында пакистандыктардан тышкары арабдар, кытайлыктан, чечендер да бар деген маалыматын шаршембиде “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми Ооганстандагы НАТО күчтөрүнүн басма сөз өкүлү, генерал Карлос Бранко (Carlos Branko) шаршембиде бул соңку салгылашуулар тууралуу “Азаттыкка” мындай деп айтты:

- Аргандаб жергесиндеги бүгүн таңга маал башталган бул аскердик иш-чара жалпы эле Кандагар вилайетиндеги иш-аракеттердин бир бөлүгү. Салгылашууда ооган аскерлери башкы ролду аткарууда, аларга бейпилдик күчтөрү көмөк көрсөтүүдө. Бул өтө маанилүү нерсе, анткени ооган улуттук армиясы аскердик чараны жүзөгө ашырууда жана жетектөөдө эң жогорку жөндөмүн айгинелеп жатат. Азырынча бул козголоңчулардын ири тобун учурата элекпиз. Анча-мынчалары эле аткылашып жатат. Бирок бул - аймакта ушул тапта козголоңчулар жок дегенди туюнтпайт.

Азаттыктын “Эркин Ооганстан” кызматынын кабарчысы Дава Хан Минапал (Dawa Khan Minapal) салгылашуу жүрүп жаткан аймактан мындайча кабарын жөнөттү:

- НАТОнун тик учактары жана канаты туруктуу учактар эртең менен бул аймакта ары-бери учуп турушту. Мен оор куралдар менен автоматтардын алыстан чыккан доошун угуп жатам. Кыштак тургундары салгылашуу жүргөн жайлардан дагы эле качып чыгып жатышат. Аларга бул аймактан башка жакка убактылуу кет тургула деген эскертүү жасалган. Мен жарылган бомбалардын да доошун угуп жатам.

Кабарчыбыз Дава Хан Минапал мырза Аргандаб өрөөнү ушундай эле аталыштагы дарыя аркылуу өйүз-бүйүзгө жиктелээрин, талип жоочулары дарыянын түштүк өйүзүндө жайгашканын кошумчалады.

13-июнда Ооганстандын Кандагар шаарынын абагынан төрт жүздөй талип жоочу качып чыккан. Аларды теги боюнча пакистандык экени кийиминен билингеy чет өлкөлүк жоочулар да колдоого алууда. Ооган бийлиги шаршембиде эртең менен жыйырмадан ашуун талип жоочусу өлтүрүлгөнүн маалымдады. Ал эми ооган жана НАТО аскерлери кандай жоготууна учурагандыгы тууралуу азырынча так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG