Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Мирлан Токталиев, Бишкек Бүгүн Чүй облусунун Байтик айыл өкмөтүндө жыйырмадай адам айыл өкмөтүнүн алдына барып, айыл башчысынан жер маселесин чечип берүүнү талап кылды. Алардын жер маселеси көптөн бери эле чечилбей келгени айтылды. Бирок айрым адамдар жер алууга керектүү документтери жок эле келип алышкан экен. Бул да болсо аларга жер алуу үчүн кандай кагаздарды толтуруу керектиги тууралуу маалыматтын аздыгынан кабар берсе керек.

Чогулгандар, айыл башчы, жергиликтүү депутаттарга жолугуп, учурда айыл өкмөтү жер бөлүштүрүү үчүн даярдап жаткан тизме менен, ал тизмедегилер кимдер экенин жарыя кылууну талап кылышты. Себеби жер алуу үчүн кезекте тургандардын саны беш жүздүн тегерегинде болгону менен алардын токсону гана жер алуучулардын тизмесине кирген.

Байтик айылынын тургуну Айгул Жумалиева жер алуу үчүн арызын 1997-жылы айыл өкмөтүнө тапшырган, бирок ушул убакытка чейин жооп жок экенин айтат:

- 1997-жылы арыз жазганбыз, ошондон бери жер ала албай жүрөбүз. Ошол эле жылы жерди ойдо жактан бөлүштүрүшкөн, бирок ылдый жактан аласыңар деп койгон. Азыр сурасак, чечим чыга элек дешет же тизмени көрсөтүшпөйт, улам бири-бирине шылташат.

Ал эми айыл башчысы Сымар Атабаевдин айтымында, учурда мамлекеттик катоодон жалпы тизме такталып чыкты, элди бул тизме менен тааныштырган соң гана жер бөлүштүрүүгө киришебиз дейт:

- Эгер госрегистрден жери бар деп чыкса анда аларга берилбей, калган тизмедегилерге гана берилет. Ал эми документтерин тапшырган адамдардын тизмесин комиссия карап чыккан, элдер аны өзүлөрү көрүп туура-туура эместигин аныкташат, ошондон кийин гана жер берилет.

Сымар мырза өз сөзүнө кошумчалап, жакын арада айылдын чет жакаларынан 28 гектардай жерди элге таратууга даярдап жатабыз дегенин айтты.

Жергиликтүү депутат Үзүр Раимбековдун билдиргенине караганда, айыл тургундары түшүнбөстүк кылып жатышат. Жашоочулар жер алууга керек болгон баардык документтерди чогултуп бергенде гана тизмени жарыялай алабыз дегенин айтат:

- Буларга жер бербесе ызы-чуу кыла беришет. Жаңы чечимдин негизинде госрегистрден справка керек бул кишинин жери жок, жерин сата элек деген. Себеби ар бир адам бир жолу гана жер алганга укуктуу. Азыр айыл тургундары тизмени сурап жатышпайбы. Тизме эмне үчүн жок, алар госрегистрден справкаларын, жашоо тиричилиги тууралу акт ушул сыяктуу документтерин алып келиши керек, андан кийин гана тизмени толуктайбыз.
XS
SM
MD
LG