Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

ҮЙБҮЛӨСҮЗ БЕЙБАШ БАЛДАР ДА КОРГООГО АЛЫНЫШАТ


Каарманбек Кулуев, Новопокровка айылы Чүй облусунун Новопокровка айылындагы үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө жашагандардын дээрлик көпчүлүгүн тарбиялоо кыйын деп эсептелет. Бул жердеги балдардын айрымдары мыйзам бузууларга да барышкан. “Балажан” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышында мыйзамды бузган жаш балдардын абалы жана алар жашаган үй-бүлө тууралуу сөз кылабыз. (Балдардын аттары өзгөртүлгөн)


Дима


Коля

Новопокровка айылындагы 12 балалуу үй-бүлө айланадагы коңшулаш үй-бүлөлөрдөн айырмаланып турат...

Биз Диманы Кантка узатып жатабыз. Диманы бир жумага конокко чакырышкан экен. Коля да Димага окшоп, конокко баргысы келет, бирок аны көп чакырышпайт. Анткени Коля 12 жаш курагында уурулук кылып, тиешелүү укук коргоо органдарынын атайын тизмесинде жүргөн.

- Мени мезгил-мезгили менен текшерип турушчу. Анткени мен кичинекейимде уурдайт элем. Негизинен, майда-чүйдө тамак-ашты алчумун. Азыр мени ал тизмеден чийип коюшту. Өзгөргөнүм байкалып турат окшойт.

“Азаттык”: - Уурдаганды каяктан үйрөндүң?

- Аралашып жүргөн балдардан үлгү алдым.

Коля менен Дима жашаган үй-бүлө тибиндеги балдар үйүндө буга чейин да уурулук жолуна түшкөн балдар тарбияланчу, дейт бул үйдүн кожоюну Эрик Курманов.

- Колу кармаак балдар болот. Акчаны же башка бир нерсени көрүп калса, уурдагыча алардын жаны тынбайт. Көрсө, бул клептомания деген оору экен. Мындай ооруну дарылоо үчүн убакыт керек.

Ууруулукка көнүп калган балдарды кайра тарбиялоодо Эрик жумуш терапиясын колдонот. Анын негизги максаты жаш баланы иштетиш эмес, ага стимул берип, уурулук эмес, ак эмгек менен тиричилик кылууга үйрөтүү жана көндүрүү. Буга көп убакыт жана мээнет керек, дейт Эрик. Бирок кээде коомчулук өзү мындай балдарды уурулук түйүнүнөн бошотпойт.

- Айылда свет өчүп, түнү бою караңгы болгондо көп уурулук болду. Кээ бирлери келип, мунун баарын биздин балдардан көрүп жатышты. Биздин балдар ата-энеси жок жана шок болгондуктан эле алардан баарын күтсө болот деген көз караштар бар.

Балдардын укугун коргоо боюнча мамлекеттик департаменттин маалыматына ылайык, өткөн жыл ичи 14-17 курактагы жаш балдар арасында 1151 мыйзам бузуу болгон. Алардын канчасын кароосуз калган балдар, ал эми канчасын ата-энесинин колундагылар жасаганын эсептеген статистика жүргүзүлбөйт. Андыктан кимдер көбүрөөк кылмыш кылаарын айтуу кыйын. Анын үстүнө, үй-бүлөдө жашап, бирок тиешелүү тарбия албаган жаш балдар да көчөдөгү кылмыштуулук чөйрөсүнө жакын келет, дейт Балдардын укугун коргоо боюнча мамлекеттик департаменттин директорунун орунбасары Нурлан Солтобаев.

- Азыр Кыргызстан жаштары арасында “кылмышкерлердин түшүнүгү” деген нерсе кеңири тарап кеткен.

Үй-бүлөсү жок балдардын кызыкчылыгын иш жүзүндө эч ким коргобойт. Ошондуктан кароосуз калган балдардын көбү “кылмышкер” деген пикир коомдо кеңири таралган, дейт үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн башчысы Эрик Курманов.

Балдар укугун коргоо департаменти билдиргендей, жакында жергиликтүү бийлик органдарында атайын түзүлчү жаңы бөлүм мындай теңсиздикти азайтууга жардам берет. Тиешелүү токтомго президент быйыл 10-июнда кол койгон.

Нурлан Солтобаев: - Бул бөлүмдөрдүн түздөн-түз милдеттеринин бири болуп жаш балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу болот. Бөлүмдүн кызматкерлери прокуратура, сот сыяктуу жерлерде жаш балдардын кызыкчылыгын коргоого милдеттүү болушат.

Жаш балдарды жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмдөрдүн толук кандуу ишке кирүүсүнө дагы бир нече ай талап кылынат. Аталган бөлүмдөр буга чейин саналуу райондордо ачылып, ал жакта сынактан өтүшкөн. Сыноодон өткөн райондордун бири – Ысыката. Дал ушул райондогу жаш балдардын жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмү өз убагында Эрик менен байлынышып, учурда анын үй-бүлө тибиндеги балдар үйү менен тыгыз иш алып барат.

XS
SM
MD
LG