Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Багдаддагы жардырууну шийит согушкерлери жасаган


Ирактын башкааласы Багдаддагы кечээги жардырууну "ал-Каидага" ыктаган сунни согушкерлери эмес, шийит согушкерлери ишке ашырган. Бул тууралуу бүгүн АКШ армиясы билдирди. Багдаддын түндүгүндөгү "ал-Харрия" районунда автобус токтоочу бекетте автоунаанын жарылуусунан курман болгондордун саны бүгүн алтымышка жетти, дагы 70тен ашуун киши жаракат алган. АКШ армиясынын билдирүүсүнө караганда, алардын иликтөөсү шийит согушкерлеринин тобу жардырууну сунниттер менен шийиттердин ортосуна от жагуу, сунни арабдарынын бул районго көчүп келүүсүн токтотуу максатында жасаганынын көргөзүүдө. Бул Багдадда соңку үч ай ичинде орун алган алгачкы жардыруу болду. Азырынча ал үчүн бир да уюм жоопкер боло элек.

XS
SM
MD
LG