Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Израил палестиндердин Хамас уюму менен элдешүүгө макул болду


Ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу эртең эртең мененден тарта күчүнө кирет. Бул маалыматты Египетте ушул өлкөнүн ортомчулугу астында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Израилдин коргоо министрлигинин өкүлү Амос Гилад ырастады. Ошол эле учурда ал Израил радиосундагы маегинде жетишилген макулдашуу "тынчтык келишими эмес" экенин белгиледи. Ал эми Хамастын өкүлү Сами Абу Зухри эки тарап тең белгилүү бир милдеттемелерди алганын маалымдады. Хамас учурда Газа секторун көзөмөлдөйт. Мурдараак Израил эгер ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу бузулса, Газа секторунда кеңири масштабдагы аскерий операцияга даярдананууну улантарын билдирген.

XS
SM
MD
LG