Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

АМЕРИКАЛЫК ДИПЛОМАТ БИШКЕКТЕ СҮЙЛӨШҮҮ ЖҮРГҮЗӨТ


Гүлайым Ашакеева, Бишкек Бүгүн (19-июнда) Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия аймагы жана коомдук дипломатия боюнча орун басарынын жардамчысы Жорж Крол (George Krol) келет. Иш-сапар учурунда Вашингтондун өкүлү расмий Бишкек менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп, аймактык коопсуздук жаатындагы --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/11836BD7-4581-4965-860D-2E6123CA84DC.asp кызматташтык, мыйзамдуулукту жана демократиялык башкарууну өнүктүрүү, АКШ менен Кыргызстандын өз ара экономикалык карым-катнашын андан ары чыңдоо сыяктуу маселелерди талкууламакчы. Коомчулукта ар кыл пикирди жаратып жаткан АКШнын “Манас” аскерий базасы тууралуу да сөз болоорун жоромол кылып жаткандар да бар.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр бөлүмүнүн адиси Асхат Рыскулов Жорж Крол АКШнын мамлекеттик катчысынын Борбор Азия боюнча орун басарынын жардамчысы катары Борбордук Азия аймагына алгачкы ирет сапарга чыкканын белгиледи.

АКШ менен пост-советтик Кыргызстандын ар тараптуу кызматташтыгы тууралуу Бишкекте ар кыл пикирлерди угууга болот. Асыресе, “Манас” аба майданындагы америкалык аскерий базанын болочокку тагдыры маселеси өзгөчө кызуу талкуу жаратууда.

Айрым орусиячыл маанайы менен айырмаланган серепчилер АКШ Борбордук Азияда өз ордун андан ары бекемдеп, Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөргө атаандаштык саясатын жүргүзүү максатында эларалык “Манас” аба майданында өз аскерий базасын кармоодо десе, аларга кайчы пикирдегилер АКШ жетектеген эл аралык коалициялык күчтөр Борбордук Азиянын жалпы коопсуздугун камсыз кылууда бараандуу салым кошуп жаткандыгын айтышат.

Кыргызстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы катчысы Мирослав Ниязов америкалык аскерий база тууралуу ой-жорууда үч негизги суроону –“Ооганстандан Кыргызстанга, жалпы Борбордук Азияга коркунуч барбы же жокпу; учурда Ооганстанда акыбал кандай жана “Манас” авиабазанын кеңейиши Кыргызстандын эл аралык аброюна, тышкы саясатына кандай таасир тийгизет?” деген суроолорду көңүлдө тутуу абзел деп санайт:

“Кыргызстанга Ооганстандан коркунуч али дагы бар. Анткени наркотик болгон жерде зордук-зомбулук, күч колдонолулат. Экинчи жагынан Ооганстандагы абалды турукташтыруу үчүн биз дагы салым кошуубуз керек.”

Саясат таануучу, орусиячыл маанайы менен айырмаланган Александр Князев болсо Ооганстандагы абалга шилтеме кылуу америкалыктар үчүн өз аскерий күчтөрүн кармап турууга курулай шылтоо деген ишенимде:

“Америкалыктар өз геосаясий максаттарына жетүү үчүн Ооганстандагы абалды пайдаланууда. Бүгүнкү күнгө чейин деги эле Ооганстандын аймагы, же оогандыктар 2001-жылдагы Нью-Йорк окуясына кенедей болсо да тиешеси бар экендиги далилденген эмес.”

Айрым жергиликтуу маалымат каражаттары америкалыктардын аскерий базасын кеңейтүүгө Сокулук тараптан 300 гектар жер бөлүнүп берилгенин жоромолдоп жазып чыгышты. 4-5 жыл мурда көтөрүлгөн бул маселе алдын-ала чечилип, расмий Вашингтондун өкүлүнүн бул иш сапарында ага чекит коюлушу ыктымалдыгын айрым серепчилер көзү ачыктай эле айтышууда.

Эгер АКШ өз аскерий күчтөрүн кеңейтсе, анда Шанхай кызматташтык уюму, Жаматтык коопсуздук уюму сыяктуу аймактык түзүлүштөргө мүчө Кыргызстан тышкы саясатта өнөктөштөрүнүн каарына калып, Кытай, Орусия менен мамилесин салкындатышы ыктымал деген көз караштар да басма сөздө жарыяланды.

Жогорку Кенештин депутаты, эларалык мамилелер боюнча адис Бакыт Бешимов мындай көз карашка кошулбайт. Кыргызстан кайсы бир мамлекеттин гана саясатын колдоп, ошол тарап менен мамиле түзүшү керек деген кызыкчылыкты көздөгөндөр бул маселени жөн жерден уу-дуу талаш-тартышка айланткысы келип жатышат - дейт Эл өкүлү.

“Менин жеке пикиримде Кыргызстандын бүгүн, эртең, бүрсүгүнү күчтүү мамлекеттер ШКУ, НАТО, АКШ менен туура, бизге пайдалуу мамиле түзгөнү биздин улуттук кызыкчылыкка абдан төп келет.”

Вашингтондун жогорку деңгээлдеги дипломаты, АКШнын Беларустагы мурдагы элчиси Жорж Кролдун Кыргызстандагы 3 күндүк иш-сапары АКШ-Кыргызстан мамилелерине, айрыкча тараптардын аскердик кызматташуусу жаатына кандай из калтыраарын алдын-ала жоромолдоо да кыйын, дешет жергиликтүү адистер. Жорж Крол буга чейин Тажикстанда расмий Дүйшөмбү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, тажик-америкалык карым-катнаш маселелерин талкуулаган.

XS
SM
MD
LG