Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:39

10:05 Өкмөт эмгек ардагерлеринин абалына көңүл буруусу керек


Мындай пикирин “Акжол” фракциясынан депутат Гүлнара Дербишева парламент отурумунда билдирди. Ал Жогорку Кеңештеги өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мырза Капаровго кайрылып, өкмөттүн тез арада карылар жөнүндө концепция иштеп чыгуусун, улгайган адамдардын нааразылык акциясына көңүл буруусун өтүндү. 17-июнда элүүгө чукул ардагер М.Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүшүп, өкмөттөн жана шаар бийлигинен коомдук транспортто бекер жүрүүнү, коммуналдык төлөмдөргө жеңилдиктерди мурдагы калыбында калтырууну талап кылышкан. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG