Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

“ХАМАС“ МЕНЕН ИЗРАИЛ УБАКТЫЛУУ ЭЛДЕШТИ


Бүгүн таңдан тартып Газа тилкесинде Израил менен “Хамастын” ортосунда кечээ жетишилген элдешүү шартнамасы күчүнө кирүүгө тийиш. Бирок анын узакка созуларына эки тараптын тең ишеничи аз. Эгер шарт бузулса, Израил масштабдуу аскерий операцияларды өткөрө турганын эскертти.

“Хамас” менен убактылуу элдешкенге макул болушканын кечээ Израилдин аскери жетекчилери ырасташты. Алардын атынан “хамасчылар” менен Египеттин өкүлдөрү сүйлөштү. Палестин радикалдары Израилдин аймактарын ракетадан аткылоону токтотууга милдеттеништи. Эгер жарашуу шарты жок эле дегенде үч күнгө сакталса, анда Израил өз кезегинде Газа тилкесин экономикалык жактан камалоо режимин жеңилдетет жана өткөөл пункттарды ачат. Египет болсо жер алдындагы жолдор аркылуу курал ташып жаткан аткезчилердин кыймылын бууйт.

Израилдин коргоо министрлигинен Египеттеги консультацияларга катышкан эмиссар Амос Гилад бул элдешүү али тынчтык келишими эместигин эске салды. Анын шарты Иордан дарыясынын батыш жээгине таркатылбайт. Бул жерде Израил азыр күн сайын аскери рейддерди өткөрүп жатат. Мындан тышкары шартнамада ушу күнгө чейин барымтада жаткан израил солдаты Гилад Шалитти бошотуу жагы да каралган эмес.

“Хамастын” Газадагы лидери Исмаил Хания бул тыным палестин элине коопсуздук алып келерин жана анын азап-тозогун биртке азайтарын айтып, эгер Израил жарашуу шартын так сактаса, анда ал еврейлердин турмушун да кыйла бейпил кыларын билдирди.

Өз кезегинде премьер-министр Эхуд Олмерт жарашуу өтө “морт” экенин белгиледи жана кокус аны “хамасчылар” үзгүлтүккө учуратышса Израил армиясы жооп иретинде масштабдуу аракеттерди көрөрүн эскертти. Өкмөт өкүлү Марк Регев бейшембиден тартып Израилдин түштүк райондору ракетадан жана минометтон аткылаган палестин топторунун аракетинен жапа тартпай турганына ишенич билдирди.

Карапайым израилдиктердин көпчүлүгү бул жарашуу палестин радикалдары үчүн керек, тыныгуудан пайдаланып алар күчүн топтоп алгысы келет деген көз карашта. Газа тилкесиндеги палестин тургундары болсо, тескерисинче, жарашуу израилдиктердин кыйды максаттары үчүн гана зарыл дешет.

XS
SM
MD
LG