Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

БЕЛАРУСЬ: ПРЕССАГА КЫСЫМ МУРДАГЫДАН ДА КҮЧӨЧҮДӨЙ


Беларуста көз карандысыз журналисттердин ишиндеги кыйынчылыктар --> http://www.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/03/AE1607C6-D903-4E28-BF3D-A670A246187F.asp эми буга чейинкиден да көбөйүшү мүмкүн. Анткени өлкөдө массалык маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуу боюнча жаңы мыйзам кабыл алынууда. Жаңы мыйзамдын жоболору бул авторитардык өлкөдө тескелбеген маалыматты жана идеяны эркин алмашуунун акыркы таянычы катары эсептелген Интернетти да чектөөнү көздөйт.

Жаңы мыйзамды беларусь өкмөтү парламентке 10-июнда эле киргизген болчу. Парламенттин төмөнкү палатасы - Эл өкүлдөр жыйыны документти алгачкы окууда дароо эле бир аптанын аралыгында, 17-июнда жактырды. Добуш берүүдө Эл өкүлдөр жыйынындагы 110депутаттын токсон үчү колдоду, бирөөсү каршы болду. Журналисттер каршы чыккан ошол жалгыз депутат ким экенин аныктай алышкан жок. Эгер чын эле ушундай болсо, бул -Беларусь үчүн адаттан тыш көрүнүш. Калемгерлердин божомолунда, каршы добуш, балким добуш берчү кнопканы жаңылыш басып алуунун натыйжасы болушу мүмкүн.

Беларусь журналисттеринин мамлекеттик эмес ассоциациясы өлкөдөгү көз карандысыз маалымат каражаттарынын мейкиндиги таптакыр төмөн түшүп калбашы үчүн жандалбастап аракеттенип келүүдө. Өткөн аптада бул уюм депутаттардын ар бирине жекече кат жолдоп, аларды мыйзамды ачык жана чогуу талкуулоого чакырган эле. Мындан сырткары өзүнүн 17 беттен турган комментарийин жиберген. Бирок парламенттен оң жооп келбеди. Аталган ассоциациянын төрайымы Жанна Литвина "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун беларусь редакциясындагы маегинде белгилегендей, бийликтин бул маселеде кайчы пикирди укчудай түрү жок:

-Бийликтин максаты – анык жана түшүнүктүү. Мыйзамды мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алуу. Андыктан башкача ойдун, көз караштын эч кимге кереги жок.

Жаңы мыйзамдын 1995-жылдан бери иштеп азыркы мыйзам менен салыштырганда бир нече айрымачылыктары бар.

Биринчиден, ал массалык маалымат каражаттары өлкөнүн маалымат министрлигинен юридикалык дарегин алмаштырган сайын кайра каттоодон өтүп турушун талап кылат.

Экинчиден, бийлик тигил же бул маалымат каражаты маалымат министрлигинен же прокуратурадан бир эскертүү алгандан кийин эле жаап салынышына мүмкүнчүлүк ачат. 1995 -жылкы мыйзам боюнча бул үчүн кеминде эки эскертүү керек эле.

Үчүнчүдөн, жаңы мыйзмдын аныктамасы боюнча басма сөз, теле-радио менен катар Интернет да массалык маалымат каражатынын бир түрү катары эсептелинет. Өкмөткө Интернеттеги маалымат каражаттарынын ишин жөнгө салуу боюнча эрежелерди чыгарууга уруксат берет. Ушундан улам беларусь журналисттеринин көз карандысыз ассоциациясы мамлекет интернет сайттардын баары үчүн каттоодон өтүү тартибин киргизет жана мындай лицензия ала албаган сайттарды блокадалашы мүмкүн деп кооптонууда.

Жаңы мыйзамдын ошондой эле маалымат каражаттарын "мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына шек келтирген" жалган маалымат таратканы, "тилдин калыптанган жалпы стандарттарын бузганы" үчүн жазалоого кириптер кылгыдай түшүнүксүз жана бир жактуу эмес жоболору бар.

"Салидарнаст" деп аталган интернет гезиттин редактору Александр Старикевичтин пикиринде, жаңы эрежелер Беларустагы Интернетти такыр эле жайран кылары же бир аз болсо да мейкиндик калтырарын азырынча божомолдоо кыйын, бирок бул чөйрөдөгү расмий саясат түшүнүктүү:

-Биздин тажрыйба кайсыл мыйзамдан болсо да начар. Ушу тапта мыйзамдан кандай коркунучтар бар экенин көрүү кыйын. Анткени анда айрым бир жеке жоболору, шарттары эле эмес, аларды чечмелөө жагынан да кош маанилүү жагдайлар көп. Бирок белгилүүсү - беларусь бийликтери муну прессага көзөмөлдү күчөтүү максатында гана жасап жатышат.

Ал эми Тut.by деп аталган беларусиялык белгилүү порталдын негигиздөөчүсү Юрий Зисердин божомолунда, мамлекеттен лицензия алуу Беларустун оппозициячыл маанайдагы гана эмес, саясаттан алыс турган интернет сайттарынын да жапырт четке көчүүсүнө алып барат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG